АТАМБАЕВ: “Акаев, Бакиев, Бабанов Абыке-Көбөштүн урпактары”

АТАМБАЕВ: “Акаев, Бакиев, Бабанов Абыке-Көбөштүн урпактары”

Бүгүн, 20-ноябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, президент Алмазбек Атамбаев 6 жылдык президенттик мөөнөтүндөгү аткарган иштери тууралуу ММКларга маалымат жыйын өткөрдү. Анда 6 жылда кылган ишинин баарын айтып, журналисттердин суроосуна жооп берди.

Толук сөзүн кечирээк окуй аласыздар. Ага чейин ток этер жерлерин берип туралы! Өзү кандай сүйлөсө, ошондой бердик. Кайталап көп сүйлөйт го…

“Мен үчүн президент болгон жылдары оор чечимдер көп болду. Чынында оор чечимдер көп болду. Оор чечимдер көп болду, жөнөкөй чечим эмес да. Ошол эле Данияр Ильич Нарымбаев… Башка чечимдер болду. Азыр чынында дос менен тууган деле калган жок. Кудай жардам берип, эл колдоп ошонун баарынан өттүк.

Өзбекстан менен мурунку жетекчилик тарабынан шантаж болуп жатканда, Акаев, Бакиев сыяктуу жүгүнүп барсам болмок… Элге рахмат 9 ай свети жок чыдады. БУУда сүйлөш да кыйын болду.
Эгемендүү Кыргызстан үчүн башыбыз курман, башыбызды курмандыкка сайышыбыз керек! Кайсы бир саясатчыбыз сатылып жатса, ал накта Абыке-Көбөштүн урпактары. Бирөө бакылдап жатпайбы: «Баарыбыз Манастын урпактарыбыз» деп. Мисалы, мен үчүн Бакиев, Акаев же Бабанов Манастын урпактары боло албайт, алар Абыке-Көбөштөрдүн урпактары”,-дейт Атамбаев.

Акаев, Бакиевди 6 жыл жамандады, жамандап эле бүтпөдү. Эми аларга Бабанов кошулду. Ушунун баарын угуп, укмаксан, көрсө көрмөксөн болуп, жашынып жаткан Бабановго “баракелде!” деш керек.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.