АТАМБАЕВ: “КСДПны келерки парламенттик шайлоого даярдайм. Биринчи номер болом”

АТАМБАЕВ: “КСДПны келерки парламенттик шайлоого даярдайм. Биринчи номер болом”

Деди ажо Атамбаев бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында журналисттерге жыйынтыктоочу жыйынында. “Парламент таркап кетсе, келерки  шайлоодо КСДП партиясынын тизмесин баштап келесизби?” деген журналисттин суроосуна, ал мындай деп жооп берди:

Ишенип койгула, мен кайсы бир кызматка барайын деген ниетим жок. Шайланган президент менен премьер-министр менин жардамыма жана байланыштарыма муктаж болуп калышы ажеп эмес деп ойлойм. Алдыңкы өлкөлөрдүн президенттери менен менин жеке мамилем бар. Айрымдары менен бир туугандык мамиле бар. Мен КСДПны келерки парламенттик шайлоолорго даярдайм. Шайлоого өзүм барбайм. Бирок биринчи номер болом. Курамды өзүм тандайын деп жатам. КСДП парламент кандай болуш керек деген үлгү көрсөтүшү керек”.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.