АТАМБАЕВ: “Мөңгү бюнча мыйзамга кол коембу же жокпу, бир нече күндүн ичинде чечим кабыл алам”

АТАМБАЕВ: “Мөңгү бюнча мыйзамга кол коембу же жокпу, бир нече күндүн ичинде чечим кабыл алам”

Атамбаев мөңгүлөр боюнча журналисттин суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди. Азыр да КТРден сүйлөп жатат. КТР буйруса бир жума берет, көрбөй калдым дебеңиз.

— Мөңгүлөр боюнча мага мыйзам келди. Мен азыр таанышып жатам. БУУда «Кумтөрдүн айынан мөңгүлөр эрип жатат» деген жокмун, «климаттын айынан» деп айткам. Мыйзам менен жакшылап таанышам, эксперттердин айткандарын окуп чыккам. Кыргызстанда каталог боюнча 6771 мөңгү бар. Мыйзамда эки мөңгү жөнүндө сөз болуп жатат. Ал 23 жыл мурун иштеп баштаган. Булар эрип кетсе да башкалары калат. Биз Кумтөрдү иштетип, алардан экологиялык шарттын аткарылышын талап кылышыбыз керек. «Центеррада» калып, дивиденд алышыбыз керек. Айрымдар «Центерраны» кууп чыгып, Кумтөрдү өзүбүзгө алышыбыз керек»,- дейт. Анда алар калтырган калдыктарды кошо алабыз. Биз аларды тазалатышыбыз керек. Мен мыйзамга кол коембу же жокпу, бир нече күндүн ичинде чечим кабыл алам.

Эскерте кетсек, өткөн жумада парламентте «Суу кодексине» өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, добушка коюлуп, 63 депутат колдоп, 22 депутат каршы чыккан. Колдобогондор алкыш, колдогондор каргыш угууда… Атамбаев алкыш алабы же элдин каргышына калабы, көрө жатарбыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.