АТАМБАЕВ: “Жээнбеков жини келсе, “чык эшикке”,-дейт. Обаманы деле кууп чыкпадыбы…” (ВИДЕО)

АТАМБАЕВ: “Жээнбеков жини келсе, “чык эшикке”,-дейт. Обаманы деле кууп чыкпадыбы…” (ВИДЕО)

Бүгүн ММКларга президенттик акыркы жыйынында ушинтип Атамбаев айтты.  «Бийликке келгендер «ажыдаарга» айланбашы үчүн эмне керек?” деген журналисттин суроосуна Атамбаев мындай деди:

-Мындай жолго түшкөндөр элден чыгып калат. Мен Соке досума мындай жолго түшкөн адам элден чыгарын айттым. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери мени эч качан саткан жок. Айрымдар «аны бир туугандары өзгөртөт» деп айтып жатышат. Алар саясатта мурда деле жүргөн. Эгер туура эмес жолго кетсе, өзүнүн шору болот. Бирок, жаңы президент жумшак адам эмес. Жини келсе “чык эшикке!”,-дейт. Обаманы деле кууп чыкпадыбы (“Чык эшикке!” дегени менен лакапка калган Жээнбеков. Обама менен видеону монтаждап чыгарган ошол учурда айрым адамдар. Атамбаев ошону көргөн турбайбы Ютубдан, ошону айтып жатат – авт.) Жээнбековду 22 жылдан бери билем таза иштейт, коррупция менен таза иштей турганына көзүм жетет.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда кызматын жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берет. Кетээрине 4 күн калды.

ВИДЕО

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.