Бүгүн Текебаев акталып абактан чыгабы?..

Бүгүн Текебаев акталып абактан чыгабы?..

Бүгүн, 20-ноябрда, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу сот иши Жогорку Сотто каралууда. Буга чейин алардын адвокаттары райондук, шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, аларды актоо өтүнүчү менен кайрылган. Эки сотто (райондук, шаардык) Өмүрбек Чиркешовичтин кылмыш иши далилденбегени, акча албаганы, жөн жерден эле ушактын негизинде чечим чыгып калганы арызда айтылган. Адвокаттар жана камактагы эки саясатчы соттордун чечимин четке кагышып, “саясий куугунтук” деп келишет.

Эскерте кетсек…

Текебаев менен Чотонов “орусиялык жаран Маевскийден 1 миллион доллар пара алган” деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. Августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин 8 жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кесип, “үй-мүлктөрү мамлекетке чегерилсин” деген чечим чыгарган. Айыпталуучулар буга макул болбой жогорку инстанцияга даттанган. Бишкек шаардык соту октябрда карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эки саясатчы УКМКнын тергөө абагында отурган. 10-октябрда №1 Тергөө абагына алынып келинген. Өткөн жумада Текебаев Бишкектеги № 47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы № 27 абакка которулган.

Шайлдабекованын “шайтан” оюну…

Эсиңиздердеби, 1-ноябрда, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Текебаевдин мандатын алуу боюнча шашылыш чечим чыгарган.

Жогорку Кеңештен депутатты мандатынан ажыратуу тууралуу кайрылуу келип түшпөгөндүгүн, бирок, ага карабай, Кылмыш кодексине ылайык бүтүм чыгарылышы керектигин баса белгилеп, жыйын өткөрүп, чечим кабыл алган. Анын мындай чечимине баягы эле эки калыс адам — Атыр Абдырахматова менен Гүлнара Журабаева гана каршы добуш беришкен. Атыр айым бул чечимге эмнеге каршы болгонун, мандаттан ажыратуунун мыйзамдуу жолун аябай жакшы түшүндүрүп берген: “Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечими мыйзамсыз. Себеби, бүгүн Текебаевдин юристтери БШКга кайрылуу жолдоп, Жогорку Соттун чечими чыкканча мандат маселесин талкуулабай турууну өтүнүшүп, бул соттук инстанцияда алардын көзөмөл арызы 20-ноябрда караларын билдиришкен. А БШК болсо, аны эске албай, бүгүн шашылыш түрдө Текебаевди мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды. 20-ноябрда Жогорку Сот ага карата буга чейин чыккан өкүмдөрүнүн ишке ашуусун токтотуп койсо эмне болот? Бул биринчи маселе. Экинчи маселе, мыйзам боюнча депутат мандатынан ажыратылса, анда кезектеги кийинки адамга мандат беришибиз керек. Бул маселе боюнча төрайым “жок, кийинки мандатты 20-ноябрга чейин бербей турабыз. Эгерде Жогорку Сот башкача чечим чыгарса, анда биз туура эмес болуп калбайлы” деп кооптонуп жатат. Эгерде андай чечимден коркуп жатышса, анда 20-ноябрга чейин Текебаевди мандатынан ажыратпаш керек болчу да”,-дейт күйүп-бышып БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова.

Мына, окурман, бүгүн Жогорку Сот кандай чечим чыгарат, аны бир Кудай билет. Үмүт кылып туралы, балким, Жогорку Соттун абийирлери болсо, акташаар… Анткени, Текебаев ак жерден эле отурат. Бийликке чыркыраган чындыкты айта коем деп камакта калды. Ошентсе да, Текебаев бийликке чөгөлөбөгөн эрдиги бар! Бул күндөр да өтөт…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.