Илмиянов, Ниязов “Манас” ордени, Шайлдабекова “Курманжан датка” ордени менен сыйланды

 Илмиянов, Ниязов “Манас” ордени, Шайлдабекова “Курманжан датка” ордени менен сыйланды

Бүгүн, 20-ноябрда, президент Атамбаев социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “КРнын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Сыйлык менен сыйлангандар төмөндөгүлөр.

II даражадагы «Манас» ордени менен:

Дуйшебаев Талант Ибраимович — машыктыруучу, гандбол боюнча олимпиада чемпиону;

Ниязов Фарид Абилезимович — Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Жумагулов Аскарбек Жумагулович — Чүй облустук согуш жана эмгек ардагерлеринин кеңешинин төрагасы;

Илмиянов Икрамжан Саттарович — Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;

Шаповалов Вячеслав Иванович — Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Перевод» илимий борборунун директору;

«Курманжан Датка» ордени менен:

Шайлдабекова Нуржана Кармабековна — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

«Достук» ордени менен:

Артыков Анвар — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Эрзат МЫРЗА

One thought on “ Илмиянов, Ниязов “Манас” ордени, Шайлдабекова “Курманжан датка” ордени менен сыйланды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.