Иса Өмүркулов “Даңк” ордени, Акенеев, Бакетаев, Какчекеев “Даңк” медалы менен сыйланды

Иса Өмүркулов “Даңк” ордени, Акенеев, Бакетаев, Какчекеев “Даңк” медалы менен сыйланды

Бүгүн, 20-ноябрда, президент Атамбаев социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “КРнын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол коюп, сыйлык алышууда. “Чү” дегенде эле Икрам Илмиянов, Фарид Ниязов “Манас” ордени, “Курманжан датка” ордени менен сыйланган. Сыйлангандар дагы деле болууда…

«Даңк» ордени менен:

  1. Алымбаев Азамат Алымбаевич — Бишкек шаарынын № 2 клиникалык төрөт үйүнүн башкы врачы;
  2. Асаналиев Алмаз Турдакунович — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
  3. Богатырев Валентин Борисович — «Аналитический консорциум «Перспектива» жоопкерчилиги чектелген коомунун координатору;
  4. Өмүркулов Иса Шейшенкулович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  5. Осмонкулов Рыскелди Каниметович — эстрада ырчысы;
  6. Субанбеков Бакирдин Жамалович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

«Даңк» медалы менен:

  1. Акенеев Жумакадыр Асанкулович — көз карандысыз эксперт;
  2. Бакетаев Бакыт Кушбекович — саясат таануучу;
  3. Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
  4. Кадыров Бахтияр Сабиржанович — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
  5. Какчекеев Токтогул — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын кеңешчиси;
  6. Ормонов Кубанычбек Калыевич — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долборлоо жана изилдөө институтунун курулуш иштери боюнча директордун орун басары;
  7. Усупбекова Айнура Максатбековна — көз карандысыз эксперт, «Таза Шайлоо» ассоциациясынын мурдагы жетекчиси;
  8. Эгизбаев Азис Ибраимович — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Шайлоо технологиялары борборунун бизнес-талдоочусу;

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.