Журналист Сайрагүл Дуулатова министр Султан Жумагуловго кайрылды

Журналист Сайрагүл Дуулатова министр Султан Жумагуловго кайрылды

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүккө сыйлык берди. Икрам Илмиянов менен Фарид Ниязов “Манас” ордени, БШКнын төрайымы Нуржан Шайдлдабекова “Курманжан датка” ордени жана башка маданият кызматкерлери да сыйланышты.

Журналист Сайрагүл Дуулатова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу “Кулак кагыш” аттуу катуу кайрылуу жасады. Ал төмөндөгүдөй:
“Кыргыз Республикасында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу, өмүрүн 25 жыл журналистикага арнаган, анын ичинде эркин басма сөздүн өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошуп келе жаткан журналист Элнура Кулуева жана белгилүү продюсер Дана Абдыбекова негиздеген «Кыргыз Тилектештиги» коомдук бирикмеси аталган жылдын ичинде бир катар чоң долбоорлорду (ак элечек апалар, кырк казан сүмөлөк, алтын жылдагы алтын кадамдар) өткөрдү. Апаларыбыз ак элечектерин баштарынан түрүрбөй кийип, бардык майрамдык жана расмий иш-чаралардын көркүн ачып жатат. Бул да болсо биздин айымдардын салымы деп ойлойм.

Жаңы маданият министри, кесиптешибиз Султан Жумагулов агайыбыз мамлекеттен бир тыйын албай, өз эмгектери менен ушул иштерди жасап жаткан үркөрдөй болгон эки кызыбызга жок дегенде «Маданияттын мыкты кызматкери» деген сыйлык берип калаар деген үмүттөбүз”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.