10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн имам 20 жылга кесилди

10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн имам 20 жылга кесилди

Бул тууралуу Жалал-Абаддык облустук соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирген. Алардын айтымында, Сузак райондук соту 10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн имамга карата өкүм чыгарып, ал 20 жылга эркинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, Сузак районундагы Ат-Чабар айылында жашаган аял он жаштагы баласын коңшусу зордуктап жүргөнү боюнча былтыр 18-июнда райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Зордуктап жүргөн киши алардын бет маңдайында жашаган улгайып калган коңшусу, айылдын имамы экен. Уулун көптөн бери кордоп, коркутуп зордуктап жүргөнүн кокустан билип калган. Дароо эле милицияга кайрылып, арыз жазган. Арыздын негизинде тергөө иши жүргүзүлүп, тастыкталып, кылмыш иши козголуп, “Жаш балага карата жасалган сексуалдык зомбулук аракеттер” беренесинде айып тагылып, акыры соттолду. Андан тышкары, ага экстремизмге байланыштуу беренелер боюнча 3 жылга кошулду.  Жалпысынан 21 жылга соттолду.

Урматтуу ата-энелер, “намазга жыгалам, мен имаммын” деп Куранды колуна кармагандардын баарына эле ишенип, балдарыңарды колуна кармата бербегиле! Жүрөгүндө чындап ыйманы бар, Кудайдан корккон адам мындай ыплас ишке барбайт! Сак болуңуздар, анткени, алар ар кайсы агымдын өкүлдөрү болуп калышы мүмкүн!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.