80 жаштагы Кеңеш Курманалиева 65 жылдык эмгеги менен “Эл артистигин” албай калды…

80 жаштагы Кеңеш Курманалиева 65 жылдык эмгеги менен “Эл артистигин” албай калды…

Бүгүн маданиятка эмгек сиңирген артисттер дагы сыйланды. Алсак, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү, белгилүү артист, куудул Күмөндөр Абылов “КРнын эл артисти” деген ардактуу наамга ээ болду. Бул кубанычтуу кабар. Татыктуу. Өтө кеч алды. Бирок, Кеңеш Курманалиевага караганда, эрте алды. Эми бул, албетте, тамаша. Күмөндөр Абыловду куттуктайбыз!

Өкүнүчтүүсү — 80 жаштагы КРнын эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева 65 жылдан бери эмгегин кыргыз элине арнап келаткан ардактуу актриса. Учурда да “чарчадым, чаалыктым” дегенди билбей, болгон күчүн Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаштар театрына жумшап, эмгектенип жаткан кези. 80 жылдыгына карата, 65 жылдык эмгегин эске алып, “КРнын Эл артисти” наамын берип коюшса болмок. 65 жыл эмес, аз убакыт сахнада жүргөн ырчы Кайрат Примбердиев “КРнын эмгек сиңирген артисти” наамын алып, Кеңеш Курманалиева апабыздын наамы менен теңелип калды. Ушул туурабы эми?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.