Аида САЛЯНОВА: “Инимдин өлүмүндө саясий себеп бар”

Аида САЛЯНОВА: “Инимдин өлүмүндө саясий себеп бар”

Бүгүн, 21-ноябрда, Жогорку Кеңеште, “Ата Мекен” фракциясынын жыйыны болуп, анда депутат Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүн иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат угулду. Жыйынга УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ өкүлдөрү катышып, Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы деле иликтөө уланып жатканын, кылмышкерлер кармала электигин жана бул жерде саясий себеп жоктугун, каракчылык деген божомол бар экендигин айтышты.

Наталья НИКИТЕНКО: “Тергөө иштери канааттандырарлык эмес”

Алардын мындай жообуна аталган фракциянын мүчөлөрү, өзгөчө депутат Аида Салянова макул эмес. Алар бул кандуу окуяны “каракчылык” деп атоого болбой турганын, «саясий себеп бар» деген пикирин айтышты. Депутат Наталья Никитенко тергөө иштерине канааттанбай турганын билдирди.

“Менин суроолорум жетекчилерге бар болчу…”

Ал эми Аида Салянова инисинин өлүмүнө саясий өңүт себеп болгон деп эсептейт. “Жыйынга күч органдарынын жетекчилери чакырылса да келбей коюшту. Менин жетекчилерине суроом бар болчу. Бул иште саясий себеп бар. Эч нерсе кыла электе эле ошол эле күнү «саясат эмес» дейсиңер, мунун өзү саясат эмеспи? Азыр да жооптору канаатандырарлык эмес. Бул ишти иликтөө жарым-жартылай жүрүп жатат. Мен анын калыс изилденип жатканынан күмөнүм бар. Булардын үстүндө кимдир бирөө отуруп алып үйрөтүп жатат”,-дейт эл өкүлү Аида Жеңишбековна.

Күч органдарынын жетекчилери сөзсүз келиши керек!”

“Ата Мекен” фракциясы жыйындын аягында, бул маселени Жогорку Кеңештин сессиясына алып чыгууну чечти. “Ага тиешелүү күч органдарынын жетекчилери сөзсүз келиши керек”» деген талапты коюшту.

Эскерте кетсек

Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүүдө. Ал канкорлор али кармала элек.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.