Акаевде төш белги болгон эмес. Бакиевдин төш белгиси бриллиант, Отунбаеваныкы бермет болсо, Атамбаев менен Жээнбековдуку алтын…

Акаевде төш белги болгон эмес. Бакиевдин төш белгиси бриллиант, Отунбаеваныкы бермет болсо, Атамбаев менен Жээнбековдуку алтын…

Атамбаев бийликтен кетээрине, Жээнбековдун келээрине эки күн калды. 24-ноябрда жаңы президенттин инаугурациясы болот. Бул ант берүү аземине (президенттин аппаратынын маалымат кызматынын билдирүүсүнүн айтымында) 450 конок чакырылган. Уюштуруу комитетинин билдирүүсүндө, 8 миллион 404 миң 248 сом чыгымдалат.

Буга чейин айтылгандар…

Буга чейин Финансы министрлиги инаугурацияга 13 миллион сом каралганын айткан жана чет өлкөдөн коноктор чакырылбастыгы да маалымдалган.

Инаугурацияга кимдер чакырылды?

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтө турган ант берүү аземине башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери катышат. Андан тышкары, Эл баатырлары, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, парламент депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардан чакырылган.

Жээнбековго штандарт жана төш белги даярдалууда…

Жээнбековго штандарт менен төш белги даярдалып жатканы боюнча Боршайком буга чейин билдирген. Алардын билдирүүсүнө караганда, Жээнбековдун төш белгиси Атамбаевдикине окшош. БШКнын айтымында, мыйзам боюнча президент кызматтан кетип жатып, өзүнүн штандарттын жана мамлекеттик бийлигинин белгисин ала кетет. Жаңы президенттин төш белгиси дагы мурдакы эскиз менен даярдалат. Болгону аты-жөнү, шайланган жылы жана мөөнөтү жаңыдан жазылат.

Бакиевдин төш белгиси бриллиант менен кооздолгон

Аскар Акаев 15 жыл штандарт жана өздүк белгиси жок эле иштеген. 2005-жылы, Бакиев келгенде төш белги пайда болгон. Курманбек Бакиевге эки жолу: 2005-жылы жана 2009-жылы төш белги жасалган. 2005-жылы 24 бөлүктөн турган алтын жана күмүштөн жасалып, бриллиант менен кооздолгон төш белгиге ээ болгон Бакиев. Андагы инаугурациянын уюштуруу тобунун жетекчиси Адахан Мадумаров болгон, ал президенттик төш белгиси үчүн бир унаанын акчасы чыгымдалганын айткан. 2009-жылы болсо, азем буюмдун бөлүктөрү жетиге кыскартылган.

Бакиевдин 2005-жылдагы биринчи инаугурациясы Ала-Тоо аянтында өткөрүлсө, экинчиси 2009-жылы 2-августта өкмөт үйүндө өткөрүлгөн. Эки аземге тең Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев катышкан. Бакиевдин инаугурациясына — 20 миллион сом чыгымдалган.

Отунбаеваныкы бермет менен кооздолгон

Ал эми Роза Отунбаевага эч нерсе кеткен эмес. Анын президенттик кызматка киришүү аземи 3-июлда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда жупуну өткөн. 2010-жылы бийлик башына келген Роза Отунбаева 1,5 жылдык кызматына киришип жатканда төш белги жасаткан. Бирок, аныкы бриллиант эмес, бермет менен кооздолгон.

Атамбаевдики алтын-күмүш болгон…

Атамбаевдин көкүрөккө тартыла турган белги алтын жана күмүштөн жасалган. Ал ак шумкар жана Кыргызстандын герби, түндүк, жети кырдуу жылдыз менен жасалгаланган. Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылы 1-декабрдагы инаугурациясына — 10 миллион сом кеткен.

24-ноябрь күнү…

Ал күнү шаарда айрым жолдор жабылат. Инаугурация саат 10:00до башталат. Инаугурацияда Жээнбеков ант бергенден кийин, “президенттик кызматка расмий киришти” деп таанылат. Андан кийин БШКнын төрайымы “Президент” деген күбөлүктү, штандарт тапшырып, мойнуна чынжырча илет. Аягында, Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин коштоосунда Акүйгө бет алып, ал жерде аларды Ардак короол тосуп алат.

Атамбаев президенттик кабинетине отургузуп, ачкычын тапшырат.
Мындай иш-чараны телеканалдардан түз көрө аласыздар, туугандар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.