Атамбаев бүгүн милицияларга үй берди

Атамбаев бүгүн милицияларга үй берди

Бүгүн, 21-ноябрда, президент Атамбаев Жалал-Абад шаарындагы  ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү үйлөрдүн ачылыш аземине катышып, үйлөрдүн короосунда балдар үчүн аянтча курууга 300 000 сомдук сертификат тапшырып, жаңы батирлерди кыдырып көрүп чыкканы тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, мамлекет башчысы милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, жаңы үйлөрдүн ачылышы майрамдык өзгөчө окуялар экендигин белгилеп өткөн. Ошондой эле Атамбаев укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир нече үй салынгандыгын эске салып, декабрь айында  Ош шаарында  милиция кызматкерлери үчүн 200 батирлүү үйлөрдүн курулушу аяктаарын кошумчалаган. “Мындай иштер Өкмөт жана кийинки Президент тарабынан улантылат. Анткени күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Кыргызстанда  туруктуулук жана коопсуздук болушу үчүн ошол туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандар күчтүү болушу керек.  2010-жылдагы  трагедия учурунда  армия менен милициянын жоктугунун кесепетин көргөнбүз. Алты жыл мурда  “Кыргызстан талкаланып жок болот” дешкен. Андай болгон жок. Азыр өлкө чыңдалып, күн санап гүлдөп баратат.  Биз бул жолдон тайбашыбыз керек. Кыргызстандын жарандарынын арасында  улуттарга бөлүүгө жол берилбеши керек. Көп улуттуу кыргыз эли – бирдиктүү эл. Биздин күчүбүз биримдикте”, -дептир Атамбаев.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын, Генпрокуратуранын кызматкерлери үйлүү болушкан. Сот кызматкерлерине да үй салынууда. Эми минтип милициялар үй алышты. Байкап жатасыздарбы, жалаң күч органдары алууда…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.