Райкан ТӨЛӨГӨНОВ, экс-депутат: “Сотту күтө албайм, өлүп калам…”

Райкан ТӨЛӨГӨНОВ, экс-депутат: “Сотту күтө албайм, өлүп калам…”

Экс-депутат Райкан Төлөгөнов Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө арызданып, жогорку инстанцияга кайрылуудан баш тартканы боюнча бүгүн маалым болду. Бул тууралуу анын адвокаты Сартбай Жайчыбеков билдирди.

«Мындай чечимди биз, Райкан Төлөгөнов өзү менен, үй-бүлөсү менен кошо чогуу кабыл. Себеби, азыр ден-соолугуна тезинен кам көрүү керек, операция жасалуусу зарыл. Сотко кайрылсак, сот созуп, Райкан Төлөгөнов № 1 тергөө абагында олтура берет. Ал жердин шартты анын ден-соолугуна эч туура келбейт. Ансыз деле кан басымы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп, нормалдуу эмес. Райкан Төлөгөнов өзү деле: «мен жарым жыл соттун өкүмүн күтүп олтура албайм, өлүп калам»,- деп айтууда. Чынында, азыр Төлөгөновдун абалы диагноз боюнча да, азыркы турушу боюнча да оор. Медициналык термин боюнча айтсак, уйку артериясы бүтөлүп калган. Тагыраак айтканда, артериядан 25 пайыз гана кан өтүп жатат. Бул эс-тутумун начарлатып, инфарктка алып келет. Муну дарыгерлер изилдеп, тастыкташты. №47 колонияда ага операция жасоо маселеси чечилет. №1 тергөө абагында медициналык жардам көрсөтө алышкан жок. Төлөгөновдун саламаттыгын ЖАМКнын коллегиясы, республикалык кардиологиялык оорукананын врачтары текшерип, оор деп бүтүм чыгарышкан. Операция жасалып калса, дагы кабарлайбыз”,-дейт адвокат.

Эч нерсени эске албай, Биринчи Май соту 15 жылга кесип салган

27-октябрда, Биринчи май райондук сотунда ЖКнын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун соттук териштирүү иши уланып, жарыш сөз болуп, өзүнө да акыркы сөз берилип, жыйынтыгында судья Марат Сыдыков 15 жылга кескен.

Буга чейин Райкан Төлөгөнов эч бир күнөөсү далилденбегенин айткан. Ал эми адвокаты мамлекеттик айыптоо жазаны жумшартууну, Райкан Төлөгөновдун буга чейин соттолбогонун жана жаш курагын эске алууну өтүнгөн. Ага болбой прокурор Бакыт Доктурбеков “Райкан Төлөгөновдун күнөөсү толук далилденди” деп ага 15 жылга катуу тартиптеги түрмөгө кесүүнү суранган. Андан тышкары, доочулардын материалдык чыгымын канаттандыруу үчүн үй-мүлкүн конфикациялоону сунуштаган. Акырында сот адвокаттын, Райкан Төлөгөновдун сөзүн эске албай, прокурорун өтүнүчүн, сунушун гана эске алып, соттоп салган.

Эскерте кетсек

Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган. Мөөнөтү өтүп кеткени боюнча акыркы статья боюнча жаза колдонулган жок.

65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийинчерээк денсоолугу начарлап, № 1 тергөө абагына которулган. Ал жердин дарыгерлери да жардам бере албай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аны №47 жатак абакка которуу чечимин чыгарган.

Иса ТӨЛӨГӨНОВ, баласы: “Аларга атам эмес, Текебаев менен Болот Шер керек экен”

Экс-депутат Райкан Төлөгөновго кылмыш иши козголо баштаганда, баласы Иса Төлөгөнов УКМК кызматкерлери анын талап-тоноочулук боюнча 5 жыл мурда соттолгон агасы Муса Төлөгөновду опузалап, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатканы боюнча маалымат жыйын өткөргөн. Ошондо Райкан Төлөгөновду УКМК кармап кеткен соң, анын түрмөдөгү баласынан мародерчулук иши боюнча Өмүрбек Текебаев жана Болот Шерге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышканын айткан. “Анткени аларга менин атам эмес, Текебаев менен Болот Шер керек экенин, мындай көрсөтмө берсе, атамды бошотоорун айтышыптыр. Мен агам мындай көрсөтмө берди го деп ойлойм, анткени ал талапты аткарарын кыйыткан”,-деген Иса Төлөгөнов.

Мына, окурман, бүгүнкү бийликтин, соттордун жүзү. Сотторго ишенүүгө болбой калды. Алар Ак үйдүн гана буйругун аткарып отурушат. Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун уулун ушундай акыбалга калтыруу Кудайга деле жакпаса керек! 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.