Текебаев менен Чотоновдун өкүмүн Жогорку Сот күчүндө калтырды

Текебаев менен Чотоновдун өкүмүн Жогорку Сот күчүндө калтырды

Кечээтен бери Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго райондук, шаардык соттун чыгарган өкүмүн карап жаткан. Бүгүн аны эч өзгөртүүсүз күчүндөр калтырды. Ошентип, Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясында, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакта калды.

Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары алардын үстүнөн чыккан райондук, шаардык соттун буга чейинки өкүмдөрүнө  нааразы болуп, Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Тилекке каршы, эч нерсе өзгөргөн жок, эч нерсе эске алынган жок. Атүгүл, кечээ, 20-ноябрда башталган соттук териштирүүгө Текебаев менен Чотонов катыштырылган эмес. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованын соттолуучуларды отурумга катыштыруу тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан соттук коллегия баш тарткан.

Эскерте керсек, эки саясатчыга «орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган» деген айып тагылып, февраль айында камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. 16-августта Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин 8 жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Бүгүн минтип Жогорку Сот дагы күчүндө калтырды.

Сотко ишенүү болбой калды. Себеби, эки саясатчынын адвокаттардын кагаз жүзүндө, мыйзам чегинде алардын актыгын далилдеп берди. Ал эми соттор болсо, алардын бир дагы сөзүн эске албай туруп, ушактын негизинде соттоп жиберишти. “Дейт” деген менен имиш, ушак менен соттолуу биринчи жолу Кыргызстанда, өзгөчө Атамбаевдин бийлигинин учурунда болууда. Бул дагы тарых барактарында жазылып калды. Калп, жалган жалаа менен өкүм чыгарган соттор акыры суракка алынаар… Анткени алар актап алкыш албай, калп айтып каргышка калышты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.