Аида САЛЯНОВА: “Ал күнү инимдин капчыгында 400 сом гана болгон…”

Аида САЛЯНОВА: “Ал күнү инимдин капчыгында 400 сом гана болгон…”

Бүгүн, 22-ноябрда, Жогорку Кеңеште депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун атылып өлтүрүлүшү боюнча ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери тууралуу маалымат угулду. ИИМ министринин орун басары Данияр Абдыкаров келип, маалымат берди.

Ал иликтөө ишинин кызыкчылыгына ылайык толук маалымат айтуу мүмкүн эмес экендигин белгилеп, изилдөөнүн учурдагы жүрүшү тууралуу учкай кеп кылды. Кылмыш болгон жерден бир ок, эки гильза алынгандыгын айтты.

Д.Абдыкаровго суроо-жооп болду. Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев бул ишти тыкыр иликтеп, кылмыш ишин саясий өңүттө же каракчылык мүнөздө болгонун так аныктоо зарылдыгын, ошол жеринде ок, гильза табылып, күбөлөр болуп жаткандыктан бул иштин бетин ачуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгилеп, Абдыкаровго айтышты.

Ал эми депутат Аида Салянова Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн бул кылмыш ишинде эч кандай саясый мүнөз жок деген билдирүүсү негизсиз, эмнегедир шашылыш болгондугун билдирди. Ошону менен катар кылмыш ишинин айрым жагдайларына токтолду.

“Кылмыштан бир нече саат өтө электе “саясий себеп жок” деп ИИМ билдирди. Бирок, бул учурда ИИМдин колунда эч кандай далил жок болчу. Райондук тергөөчү ушундай бидирүү жасамак беле? Демек, тергөөнү кимдир бирөө башкарып, кантип сүйлөш керек экенин көзөмөлдөп жатат. Мага карата соңку жылдардагы маниакалдык саясий куугунтукту эске албаганда да жеке мен козгогон ондогон кылмыш иштер, жоопко тартылгандар бар эмеспи. Эч болбогондо “тергөө толук жана объективдүү жүрүп жатат” деген түр көрсөтүш үчүн да саясий себепти кошуп айтышса болмок. Бул кылмыш тобу дал ушул иш үчүн атайын даярдалган. Ал күнү инимдин капчыгында 400 сом гана болгон. Көп акчасы болсо ал терезелерине темир тагып, видеокөзөмөл орнотуп, эч болбогондо дарбаза тургузуп коймок. Бул кылмышка ким буйрук берди? Мени мыйзамды бузганым эмес, бузбаганым үчүн соттошту. Бул жерде саясий себеп жок деп ким кепилдик бере алат?”,-деди депутат Аида Салянова.

Эскерте кетсек, 6-ноябрына караган түнү 42 жаштагы иниси Улан Саляновдун “Көк –Жар” конушундагы жаңы салынган үйүнө белгисиз адамдар кирип, атып кетишкен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.