«Ак-Тилек» жана «Чоң-Капка» бекеттеринде унаалар кезекте турат

«Ак-Тилек» жана «Чоң-Капка» бекеттеринде унаалар кезекте турат

22-ноябрь, саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» чек ара бекетинде 427 жүк ташуучу унаа, ал эми Таластагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде 185 жүк ташуучу унаа Казакстанга кире албай, кезек күтүп турушат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева «Азаттык» радиосуна билдирди:

— Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы калган бекеттерде жөө адамдардын да, унаалардын да тыгыны байкалбайт.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. 8-октябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев казак башчысы Нурсултан Назарбаевди «Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат» деп сындаган.

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаал тууралуу маселе 17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунда да көтөрүлдү.

20-ноябрда Атамбаев Казакстан Кыргызстанды блокадага алганын, бул маселени чечиш үчүн орус президенти Владимир Путинге кайрылганын белгиледи.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.