Александр Масляков “Достук” ордени менен сыйланды

Александр Масляков “Достук” ордени менен сыйланды

Бүгүн президент Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, бир топ адамдар сыйлык менен сыйланышты. Саат, наам алышты. Алардын арасында КВН телепрограммасынын алып баруучусу жана жетекчиси Александр Васильевич Масляков да бар, ал «Достук» ордени менен сыйланды. Ал “Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн” сыйланды.

Ошондой эле ушундай орден менен Алтай Республикасынын эл жазуучусу Бронтой Янгович Бедюров сыйланды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.