АТАМБАЕВ: «Депутат болуудан же мамлекеттик кызматтан баш тарткан жалгыз кыргыз – Илмиянов»

АТАМБАЕВ: «Депутат болуудан же мамлекеттик кызматтан баш тарткан жалгыз кыргыз – Илмиянов»

Мамлекеттик сыйлык тапшырып жатканда президенттин баягыдай эле «балп» этмейлери болду. Кезектегиси – Илмиянов болду, аны аябай мактады. Мактап жатканда анысы да сүйүнүп отурду.

“Бардыгы портфелге жулкунуп турганда, депутат болуудан жана мамлекеттик кызматтан баш тарткан жалгыз кыргыз — Икрам Илмиянов болду. Ушундайлар көп болушун Кудайдан тилейм. Илмиянов менде 18 жыл иштеди. Мени менен 25 жылдан бери иштеп келатат. Ушул жыл арасында ал эмнени гана көргөн жок. Акаевдин убагында, акаевчилер күч органдары аны кармап алып, башына пакет кийгизген. Биз ушунун баарын баштан өткөрдүк. Анын баары артта калды. Азыр башка заман. «Вазир жакшы, хан жакшы» деген жакшы макал бар го. Кантип мен ушул жакшы вазирлеримди сыйлабай коем? Бул туура, мени туура түшүнгүлө. Алар таза иштеп табышты. Менин мүнөзүмдү эске алганда”,-деди Атамбаев.

Атамбаев вазирлери: Фарид Ниязовду 2-даражадагы “Манас” ордени, Икрам Илмияновду 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады.

“Туура” дегенсип, ал жерде отургандар кол чабышты. А силер мындай вазирлерге кол чабасыңарбы? Атамбаевдин вазирлери жогору даражадагы наамга татыктуубу? Мен мисалы туура эмес дейм. Себеби, Атамбаев жогоруда өзүнө жардам берип жанында жүргөн эмгегин баса белгилеп айтып өтпөдүбү, мамлекет үчүн алардын эмне кылганын айткан жок! «Мамлекеттик кызматтан баш тарткан» дегени да калп. Анткени, Илмиянов майлуу-сүттүү кызматтарда иштеди. Алсак, президенттин аппарат башчысынын орун басары, кеңешчиси болгон. Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси. Эми өзүңүз калыс болуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.