Атамбаев көп жыл бою жансакчысы болгон Сүйүмбаевге “генерал-майор” наамын берди

Атамбаев көп жыл бою жансакчысы болгон Сүйүмбаевге “генерал-майор” наамын берди

Атамбаев бүгүн УКМКнын кызматкерлерине сыйлык жана саат берген. Аны менен кошо “КРнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон олуттуу салымы үчүн” деп Болотбек Турарович Сүйүмбаевге “генерал-майор” аскердик наамын тапшырды.

Бул киши боюнча маалымат берсек, келбети оруска окшогону менен улуту кыргыз. Болотбек Сүйүмбаев көптөгөн жылдар бою Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болуп иштеген. Атамбаев президент болгондо аны кызматка көтөргөн. 2016-жылдын май айында Талдоо жана коркунучтарды божомолдоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Учурда болсо УКМК төрагасынын орун басары. Бүгүн болсо, “КРнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон олуттуу салымы үчүн” генерал-майор болду. А сиздерчи, анын кылган иши боюнча уктуңуздар беле?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.