АТАМБАЕВ: “Жубайыма “Эрдик” орденин берейин десем, көзүнө жаш алып болбой койду…” (ВИДЕО)

АТАМБАЕВ: “Жубайыма “Эрдик” орденин берейин десем, көзүнө жаш алып болбой койду…” (ВИДЕО)

Бүгүн, 22-ноябрда, “Ала Арча” мамлекеттик резиденциясында сыйлык тапшыруу аземинде аялына да сыйлык бергиси келгендигин, албетте, ачык айтты. Бул оюн болгондо да орусча (көбүнчө орусча сүйлөйт го –авт.) билдирди. “Мен чынын айтсам, жубайыма «Эрдик» орденин бергим келди. Биздин бирге жашаганыбызга январда 30 жыл болот. Менин мүнөзүмө чыдап, ал “Эрдикке” татыды. Жубайым көзүнө жаш алып, “эл түшүнбөйт” деп болбой койду. Ал чынында татыктуу адам, жолдошун уят кылбоо үчүн, дегеле балдарым да атасын уят кылбоо үчүн баарын жасашты, мен аларга ыраазымын”,-деди президент. (ВИДЕО)

Биз дагы чынын айталычы. Жубайы экөө жыргап эле келишти да, чынында. Ага аялынын чыдаганы үчүн мамлекеттик сыйлык берүүнүн кандай кажети бар? Анын үй-бүлөсүнө мамлекеттин кандай тийешеси бар? Атамбаевге чыдаганы үчүн “Эрдик” орденин элге бериш керек! Дегеле сыйлыкты өз кишилери эмес, чындап эмгеги сиңген, эл, жер, мамлекет үчүн мыкты иш кылган инсандар алышы керек болчу. Сыйлыктын да, наамдын да баркын кетиргени менен элдин эсинде калды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.