Матраимовду Сапар Исаков кызматынан кетирди

Матраимовду Сапар Исаков кызматынан кетирди

“Раиммиллион” деген каймана атка конгон Райымбек Матраимов бүгүн, 23-ноябрда Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан бошотулгандыгы боюнча маалыматты өкмөттүн коомчулук менен байланыш бөлүмү таратты. Алардын айтымында, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Ал «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин негизинде кеткен. Бул берене кызматкерге карата ишеним көрсөтүлбөгөн учурда колдонулат.

Матраимов бул кызматка 2015-жылы августта келген. Бул кызматка келгенден бери анын дарегине коомчулук тарабынан жана Жогорку Кеңештен айрым депутаттардан сын-пикирлер айтылып келген. Бирок, ал бардык дооматтарды четке каккан.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.