Сайдулла НЫШАНОВ: «Атамбаевге «Кыргыз Эл баатыры» наамын бериш керек!»

Сайдулла НЫШАНОВ: «Атамбаевге «Кыргыз Эл баатыры» наамын бериш керек!»

Бүгүн, 23-ноябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Эл баатыры” деген наамын ыйгаруу экендигин айтып чыкты.  “Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өнүгүшү үчүн өтө чоӊ салым кошту. «Түндүк – Түштүк» жолу, «Датка – Кемин» электр чубалгысы сындуу ири курулуштар, жакында эле өткөн президенттик шайлоонун жаӊы усулда таза өткөрүлүшү өӊдүү өнөктүктөр мунун айкын далили. Ошондуктан, Алмазбек Атамбаевди «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамына көрсөтүү керек. Эртеӊ президент өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берет. Мамлекеттик жогорку бийлик Кыргызстандын соӊку тарыхында алгач ирет тынч жол менен өткөрүлүп берүүдө. Бул өтө маанилүү демократиялык салтка айланып калат деген ишеним бар. Шайлоочулар дагы ушундай пикирде. Ошондуктан, депутаттар Алмазбек Атамбаевди «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамына көрсөтүү демилгесин колдойт деген ойдомун», — деди депутат.

Нышановдун мындай сунушу бүгүн кечинде билинет. Депутаттар колдоп кетиши ажеп эмес. Кантсе да, парламент кошоматчылардын конушуна айланып калганы качан?! Ошентип, Атамбаевди “Кыргыз Эл баатыры” кылып узатышабы? Толук мүмкүн…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.