Бабанов Жээнбековду куттуктап, “Атамбаевдин жолун уланта гой” дептир…

Бабанов Жээнбековду куттуктап, “Атамбаевдин жолун уланта гой” дептир…

Жаңы президент болгон Жээнбековду Бабанов куттуктады. Ал куттуктоосун Фейсбуктагы өзүнүн баракчасы аркылуу таратты.

“Кыргызстаныбызда жаңы президент ишке киришти. Бийлик өз ыктыяры менен алмашты. Өлкөбүздө туруктуулук сакталды! Элимди дал ушул эң баалуу жетишкендигибиз менен куттуктагым келет!

Аны менен бирге, өзүмдүн атымдан элибиздин үмүт-тилектерин айткым келет.

Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз чоң миссияны колуңузга алдыңыз – Алмазбек Шаршенович Атамбаев түптөгөн тынчтык менен туруктуулук жолун улантуу. Элибизди өнүгүү жолуна багыттоо, өлкөбүздөгү демократиялык жана укуктук башаттарды күчтөнтүү эми сиздин колуңузда. Кыргызстаныбыз менен элибиздин биримдиги жана бүтүндүгү – эң бийик баалуулук, андыктан ниеттерибиздин окшош экендигине ишенем жана сизди президенттик кызматка расмий киришүүңүз менен куттуктайм!

Таза, акыйкаттуу, жарандарыбыздын эрки менен тандоосун алга сүрөгөн башкаруучу элибиздин ишенимине, колдоосуна сөзсүз ээ болот. Кыргызстаныбыз мыйзамдын үстөмдүгүн толук орнотуп, олуттуу реформалар аркылуу өнүгүүгө жетишүү менен аймакта гана эмес, дүйнөдөгү үлгүлүү мамлекет болот деп ишенем,-деп жазган Өмүрбек Бабанов.

Бабанов жашынып жатып алып эле жазып жатат, жазып жатат. Бүгүн болсо Жээнбековду куттуктады. Президенттик шайлоо учурунда экөө кас болуп калбады беле? Экөө дебатка чыкканда, Жээнбеков: “мен коррупция менен күрөшөм. Аны сенден баштайм”,-деп камайм дегендей эле сүр көрсөткөн. Экөө дос болобу же кас болобу, көрө жатарбыз, кызыктар али алдыда?!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.