Чегиртке менен жасалган нан бүгүн сатыкка чыкты

Чегиртке менен жасалган нан бүгүн сатыкка чыкты

Жашоодо эмне гана болбойт. “Адамдан амал качып кутулбайт” дегендей, адамдар ар нерсени ойлоп чыгууда. Эми минтип курт-кумурска менен нан жасоону Fazer компаниясы ойлоп чыгыптыр.

Бул бизде эмес, Финляндияда болгон. Fazer компаниясы курт-кумурскалар (кара чегиртке) менен нан жасап, сатуунун башталышын жарыялады. Ал жарыясы бүгүн, 24-ноябрда ишке ашты. Тагырагы, жаңы ойлонуп чыккан ыкма менен жасалган нандар дүкөндөргө сатыкка чыкты.

“Helsingin Sanomat” гезитинин айтымында, бир нанды камдоо үчүн ага кургатылган 70 кара чегиртке кеткен.  Аны өтө майдалап, унга кошуп жасашат. Ошондон улам, чегирткенин кошулганы деле билинбей калат экен. Мындай нан адамдарга пайдалуу экендигин жасаган компания баса белгилеп айткан.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Кокуй, биринчи угушум…»

Биздин мекендеш, журналист кесиптешибиз Асыран Айдаралиев Финляндияда жашайт. Аны менен интернет аркылуу байланышып, бул маалымат боюнча сурадык. «Чегирткеден жасалган нан бүгүн сатыкка чыгыптыр го, жеп көрдүңүзбү?» деп сурасам, чочуп: «жок ай, кокуй, биринчи угушум» деп жооп берди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.