Депутаттын кызына кол салынып, жаракат алды

Депутаттын кызына кол салынып, жаракат алды

Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарынын булактарына таянып  жазып чыкты. Алардын айтымында, бүгүн, 24-ноябрда, кечки саат 20:00до 12-кичирайонунда Жогорку Кеңеш депутаты Кенжебек Бокоевдин кызына белгисиз бирөөлөр кол салган. Маска тагынган каракчылар үйүнүн жанында кетип бараткан 17 жаштагы кызга бычак менен кол салган. Кыздын каршылык көрсөткөнүнө карабай, алар бутуна эки жолу бычак сайып, сумкасын жана керектүү буюм-тайымын уурдап, качып кетишкен.

Жарадар болгон кызга медициналык жардам көрсөтүлдү. Окуя болгон жерде учурда милициялар жүрүүдө…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Депутаттын кызына кол салынып, жаракат алды

  1. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    ЖКнын депутаты КЕНЖЕБЕК БОКОЕВ өз ишине тың жигиттердин бири. Депутаттардын ичинен төбөсү көрүнгөн төртөө болсо, ошонун бири Кенжебек! Кыргызда мындай иштерман, элим — жерим деген жигитердин көп эле болуусун каалайт элем.
    Кенжебек иним, Жаhатканым өзү колдоп, кызың сакайып кетсин. Ата — энеге баладан артык эч несе жок.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.