Гүлчөтайдын жүзүн көргөнгө ашык болгон “Петруха” каза болду

Гүлчөтайдын жүзүн көргөнгө ашык болгон “Петруха” каза болду

“Белое солнце пустыни” тасмасындагы легендарлуу “Петруха”, белгилүү актер Николай Годовиков бүгүн, 24-ноябрда, 67 жашында дүйнө салды.  

Николай Годовиков Петербургдагы үйүнөн көз жумган. Туугандары, жакындарынын айтымында, ал акыркы күндөрү онкологиялык оорудан (диагнозу рак) жабыркаптыр. “Бөйрөгүнөн метастаз кеткен. Акыркы күндөрү анын үнү чыкпай баратканын байкап калгам. Жакында эле ооруканага жатып чыккан. Ага күйөө баласы менен багып алган кызы бат-бат барып турушчу. Акыркы күндөрү неберелери да тез-тез катташчу. Бүгүн эртең менен ал өзүн жаман сезип жатканын айтты. Тез жардам чакыралы десек, болбой койду. Күйөө баласы үйүнө барганда, ал өтүп кетиптир. Негизи рак адамды акыры алып тынат экен. Мындай жаман оору менен ооруганын эч кимибиз ага айткан эмеспиз, жашырып келгенбиз. Николай Львовичтин каалоосу, каза болгондон кийин аялынын жанында жатуу болчу. Санкт-Петербургдагы Түштүк мүрзөсүндөгү аялынын жанына сөөгүн коюуга аракет кылабыз го…”,- деп эскерген актердун директору Смородинов.

Тартылган тасмалары

Николай Годовиков көптөгөн кинолорго тартылып, популярдуу болгон. Элдин эсинде калганы 1970-жылы тартылган «Белое солнце пустыни» тасмасындагы “Петруха”. Актер андан тышкары, көптөгөн телесериялдарга тартылган: «Убойной силе», «Бандитском Петербурге», «Улицы разбитых фонарей-2», «Агент национальной безопасности-2», «Спецназ», «Литейный 6-й сезон» жана башка.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.