Сооронбай Жээнбеков Фейсбукка билдирүү жазды

Сооронбай Жээнбеков Фейсбукка билдирүү жазды

Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазууну да унуткан жок. Анда төмөндөгүдөй куш кабар жазылган.

“Кымбаттуу достор! Бүгүн, 2017-жылдын 24-ноябрь күнү мен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий кириштим. Бардыгыңарга жооптуу кызматымда күч-кубат жана ишенимдүүлүк тартуулап турган колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Мындан кийин бул баракчадан менин президенттик ишмердүүлүгүм жөнүндө маалымат менен таанышып турасыздар”,-дейт жаңы президент.

СДПКдан чыгып, жыйын өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков СДПК партиясынын мүчөлүгүнөн чыгуу арызын жазды. Бүгүн эле ишин баштап, президенттик аппараттын жетекчилиги менен алгачкы кеңешмесин өткөрдү. Кеңешмеде ал ишке тез ашырылчу жакынкы иш планын жана биринчи кезектеги максаттарды белгиледи. Мындан тышкары,  жакын арада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилеген Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүү тапшырмасын берди. “Өлкөдө акыркы жылдары коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрдү, ал өлкөнү коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалоого баардык шарттарды түздү. Биз коррупцияга каршы күрөштү улантышыбыз керек”, — деди Жээнбеков.

Биринчи чек ара маселесин чечип, кыргыз-казак мамилесин чыңдоо керек!

Биринчи көйгөйлүү маселе – чек ара маселесин чечүү. Мигранттар буга чейин далай жолу кайрылуу жасап, Жээнбековдон үмүт кылышкан. Ушул күндү, ушул мүнөттү күтүшкөн. Алардын үмүтүн актаңыз, Сооронбай Шарипович!

Жаңы президент тезинен кыргыз-казак чек арасын чечип, кыргыз-казак  ынтымагын чыңдоосу керек деп ойлойбуз.  Атамбаевге «Эл баатырлыгын» кое турушу керек. Сыйлык качпайт.  Эл узун кезекте туруп кыйналды. Эң биринчи жарлыгы ушул болушу керек деп эсептейбиз! Өз кызыкчылык, дос, сыйлоо-урматтоону кое туруп, алгач элди ойлоо керек! А сиздер кандай дейсиздер?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Сооронбай Жээнбеков Фейсбукка билдирүү жазды

  1. Сиз оз коз караштуу инсан экенинизди байкайм жана Кыргыздын намысын оз колуна алып берээринизге терен ишенгим келет!! Биз ички жана тышкы саясатта жакырбыз;элибиз таркап Кыргызстан чоочун улуттарга тоо бастыга алынып кетти; уй жок жай жок тентигендер 60-70%; кыргыз тукуму ансыз деле аз эле , эми жокко эсе болуп баратат; инвесторлор менен кимдер алака тузуп курулган уйлор 1м кв жерди атасынын кунунан ашкан баада жана кимдерге сатылып жатат, бул учурда кыргыз калкы -олконун негизки эли тегеректеги жалпак тамдарда калып кетип атканы кийинки жылдарда кандай корунушту берет; балдардын пособиесин кайтаруу жана айыл жерин корктондуруп ички имиграцияны токтотуу иш чарасы; корупциянын эсебинен таланган казына байлыктарын кайтаруунун эсебинен мамлекеттин ички иштерин жонго салуу жана КЫРГЫЗ тукумунун жашоо турмушун жакшыртуу жолго салуу ж.б.толуп жаткан элинизге кылаар кызматынызга чын журоктон жана азыр ушуну айтып жатканда агып жаткан коз жашым менен суранам жана Жараткандан Сизге намыс жана ийгилик каалап сыйынам…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.