Жаңы президент Жээнбековдун жубайы менен кызы

Жаңы президент Жээнбековдун жубайы менен кызы

Мамлекет башчысына жакшылык, жамандык алып келген — үй-бүлөсү эмеспи. Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүн учкай тааныштыра кетсек, жубайынын аты-жөнү – Айгүл Жээнбекова. Ал эч жерде иштебейт, башынан жоолук түшүрбөгөн ыймандуу үй кожейкеси. Бүгүн да жоолук салынып жүрдү го, баарыңар байкасаңар керек!

Алардын бир кыз, бир баласы бар. Кызы үй-бүлөлүү, турмушка чыгып, ата-энесине небере тартуулаган. Кызынын кайын атасы, Жээнбековдун кудасы — Жогорку Кеңештин депутаты — Алиярбек Абжалиев. Баласы болсо азырынча кичинекей, мектеп окуучусу.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.