ЖЭЭНБЕКОВ: «Биринчи жарлыгым – Атамбаевге «Эл баатырын» берүү болот»

ЖЭЭНБЕКОВ: «Биринчи жарлыгым – Атамбаевге «Эл баатырын» берүү болот»

Бүгүн, 24-ноябрда, бийликтен Атамбаев кетип, Жээнбеков келди. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттик кызматка расмий түрдө инаугурация өттү. Жээнбеков ант бергенден кийин, президенттик кызматка кирээри менен биринчи эле жарлыгы Атамбаевге эң жогорку даражадагы «Ак Шумкар» сыйлыгын берүү экендигин айтты.

“Мекенине ак эмгегин арнаган, Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып чыккан урматтуу Алмазбек Шаршеновичке таазим кылып, элибиздин атынан терең ыраазычылык билдирем. Сиз баштап берген кыргыз көчү өз жолун улайт. Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман, көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасына, «Ак шумкар» өзгөчө белгисине татыктуусуз. Сизге аны элибиздин атынан чоң сыймык менен тапшырам деген үмтүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи жарлыгым ушул болот”,-деди жаңы президент.

Бул идеяны кечээ парламентте депутат Сайдулла Нышанов айтып чыккан. Атайын сценарий болгону белгилүү эле болуп калды. Атамбаевге “Баатырлык” наамын берүү туурабы? Келгиле, кандай “баатырлык” кылганын эстейлы?!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.