ЖЭЭНБЕКОВ: “Өлкө кыйын кезде Отунбаева президент болгон, муну эч ким тана албайт”

ЖЭЭНБЕКОВ: “Өлкө кыйын кезде Отунбаева президент болгон, муну эч ким тана албайт”

Тарых деген тарых да. Атамбаев 6 жыл башкарды. Мына бүгүн досу Жээнбековго тактыны өткөрүп берди. “Алгачкы жолу тынчтык жолу менен бийликти Атамбаев Жээнбековго өткөрүп берди” деп кайра-кайра мамлекеттик телерадиолор, сайттар берип жатышат. Бирок, бул туура эмес. Анткени, алгачкы жолу тынчтык жолу менен Роза Отунбаева бийликти Атамбаевге өткөрүп берген. Аны Атамбаев чийип салса эле чийилип калбайт да. Оор кезде Отунбаева бийликте болгон. Аны биздин унутуп коюшубуз уят. Атамбаев кандайча бийлик башына келип калганын карапайым эл билбейт. Атамбаев бийлик башына өзү суранып келиптир. Негизи Байболов болмок экен… Бул боюнча, ал кезде чогуу жүргөн, баарын ичинен билген коомдук ишмер, юрист Бабырбек Жээнбеков айтып берди.

— Бабырбек мырза, 2010-жылы толтура эркектер эмнеге БЭКтин да, өлкөнүн да башчылыгынан баш тартып коюшту эле?

— Ал кезде эркектердин жоопкерчиликти мойнуна албай койгондорун мен туура түшүнөм. Себеби, “Бакиевдер кайра бийликке келип калабы? Алар төңкөрүш уюштуруп, бийликти кайра тартып алабы?” деген чочуркоо бар болчу. Ошого аракет кылып, Бакиевдер Ошто жүрүштү го. Ошон үчүн эркектер ажолук креслону ээлегенге батынып бара алган жок. Жалаң эркектер жоопкерчиликти бир аялдын мойнуна жүктөп коюшуп, орун басарлары болуп иштеп жүрүштү. Бул ачуу чындык.

Роза Отунбаеванын БЭКке төрайым болуп шайлануусунун объективдүү себептери болгон. Ал учурда баарыбыздын эле максатыбыз – Бакиев бийлигин кулатуу болчу. Ошол максатта Бириккен Элдик кыймыл түзүлүп, ага башчыны үч критерий менен тандаганбыз.

Ал учурда Роза Исаковна Жогорку Кеңеште КСДПдан депутат эле. Депутат катары кол тийбестик макамы бар, ошондуктан ал кай жердеги нааразычылык акцияларына катышпасын, барбасын, аны кармаганга бийликтин акысы жок жана кармай албайт эле. Бул бир. Экинчиден, кыргызда аял кишиге кол көтөрүлүп, катуу чара көрүлбөйт. Үчүнчүдөн, Р.Отунбаева эл аралык уюмдарда иштеп, тажрыйба топтоп, аброю көтөрүлүп, чет өлкөлөргө таанымал адам эле. Ушул үч нерсе ага БЭКтин төрайымы болууга мүмкүндүк түзүп берди. Р.Отунбаева өзүнө тагылган милдетти жоопкерчилик менен аткарды, кыска мөөнөт ичинде бир топ иштерди жүргүзүп, чара көрдү, жер-жерлерге митингдерди уюштуруу үчүн тиешелүү адамдарды жөнөтүп турду. Өлкө ичинде Бакиев бийлигине нааразылардын саны күн санап өсүп турду. 2010-жылдын апрелине карата бул нааразычылык жетер чегине жетип калган. Анын арты төңкөрүш менен бүттү, аны эл өзү жасады. Тилекке каршы, Бакиевдер Акүйдүн алдын канга боеп кетти…

— Роза Отунбаева чынында оор учурда болду. Бирок, аны Атамбаев жокко чыгарып салды. Буга кандай дейсиз?

Бакиев бийлиги кулагандан кийин Убактылуу Өкмөт түзүлүп, анын башына Роза Исаковна Отунбаева келди. Андагы шагыраган саясатчы эркектер жоопкерчиликтен баш тартып туруп алышканда, айла жок, башын канжыгага байлап, коркпой, болгон жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөнү кыймылдата баштаган. Муну эч ким тана албайт. Ал учурда Роза Исаковна чоң эмгек жасады, биз ага рахмат айтышыбыз керек! 2010-жылга, Роза Исаковнага бүгүнкү күндө тарыхый баа бериле турган убакта, А.Атамбаевдин 2016-жылдын 31-августунда тескери сүйлөп, аны жокко чыгарууга жасаган аракети акылсыздык. Бирок, анын айтканы менен эле Р.Отунбаеванын жасаган иштери жокко чыгып калбайт. Себеби, Роза Исаковнанын жасаган иштерин баарыбыз жакшы билебиз, аны Атамбаев өзү да эң сонун билет. Кыйын экен кыйын кезде өлкө башчысы болбойт беле! 2011-жылы октябрда абал тынчтанып, коркунучтун баары артта калып, бир калыпка түшкөндө, эч бир атаандашы жок оңой-олтоң эле өлкө башына келди го. Чынында эйфорияга малынган жаныбыз бир добуштан баарыбыз шайладык да. Бирок, эч кимибиз эртең анын мындай болуп өзгөрүп кетерин билбептирбиз да.

— БЭК мүнөзүн билип туруп, анда эмнеге Атамбаевди тандап алышты?

— Негизи президент Атамбаев эмес, Байболов болмок. Ал мындай болгон. 2010-жылдын февраль айында Азимбек Бекназаров менин чөнтөк телефонума чалып калды. Анда мен Америкада, балам Равшандын үйүндө элем. “Силер ошол жакта жүрөсүңөр, бир ишке жарап бергиле. Негедир Атамбаевге көңүлүбүз тойбой турат. Байболовду президенттикке алып чыкпайлыбы. Ага айтып көрбөйсүңөрбү, макул болсо алып чыгалы” деп калды. Анан Байболовду Равшандын үйүнө чакырдык, аялы Нуржамал менен келди. Айтсак, баш тарткан жок, бирок, бир нерсе суранды. “Мени Текебаев менен байланыштыргыла, ушул теманы сүйлөшөйүн. Мен Текебаевге гана ишенем, калганына ишенбейм” ,-деди ал. Анын өтүнүчүн Бекназаров үч күндөн кийин аткарып, байланыштырды. Текебаев менен сүйлөшкөндөн кийин, Кубат дагы, Нуржамал дагы макул болуп кетишкен. Анан эле эки күндөн кийин, “Мен жоопкерчиликти мойнума ала албайм” деген айныган жообун уктук. Анан айла жок бул жактагылар Атамбаевге токтолушуптур. Атамбаев болсо: “Эгер БЭК колдоп берсеңер, мен акча табам. Түркиядан алып келем” деген убада менен 2010-жылы БЭКтин иш-аракеттерин каржылап турду. Өз сөзүнө турган БЭКтин мүчөлөрү ошол үчүн 2011-жылдагы президенттик шайлоого А.Атамбаевдин талапкерлигин колдоп, алып чыкты.

— Азыр “ажыдаарга айланып кетти” деп нааразы болгондор көп. Сиз кандай ойлойсуз?

— Ооба, ал ачуу чындык. Атамбаев ажыдаарга айланып кетет деп эч ойлогон эмес элек. Мүнөзү оор, кекчил, майда, наалыган адам экени бизге эми жетип жатпайбы. 2010-жылдын май айында эле “Бекназаровду Көлдөн келсе эле каматам. Ал Ысык-Көлгө Башкы прокурор Байтемир Ибраев экөө барып, Бакиевдердин мүлктөрүн изилдеп, алып жүрүшөт. Болбосо эмне эле ал жакка жатып алды?” деп бир кейийт. “Темир Сариев киши эмес, андан жакшылык күтпөш керек” деп канча наалып жүрдү. Бирок беттерине айтканын уга албадым. Кыскасы, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбүнө нааразы болуп жүрдү. “Тиги жаман, бул жаман” дей берсең, сен да жаман болосуң. Анткени туура болбой калат го” деп калыс сөзүмдү айтып жүрдүм, уккан жок. Ага кошоматчылардын сөзү майдай жакты да, ажыдаарга айланып кетти. Эмне үчүн шоопурун чоң кызматка алып барды? Албетте, каршы сүйлөбөй, жалаң мактап турганы үчүн. “Сиз кыйынсыз” дегендин баары жогорку кызматка барышты. Аларды угуп отуруп, ажыдаарга кантип айланып кеткенин өзү да билбей калды. “Адамды адам бузат” деген ушул да. Калыс сөзүн айткан адамдарды айланасына топтосо, өлкө үчүн канчалык пайдалуу болмок.

— Бийликке келип, өзүнүн жашоосун оңдоп, байып эле албаса, элдин жашоосу абалкыдан да начар. Максим Бакиевдин жерине хансарай салып алды. Ушуну айта калам деп Текебаев камалып жатат да…

—Эми ал жер Максим Бакиевдики экенин эч ким тана албайт. Элди сыйлаган киши хансарай салбайт. Эмне, мурунку эле үйүндө жашаса болбойт беле? Мейли, салсын, бирок, Максимдин жерине эмес да, 15-20 сотых жер алып сала берсин. Негизи Текебаевдин Атамбаев жөнүндө айтып, парламентте көтөрүп чыккан маселенин баары туура экендигин Атамбаев өзү көргүсү, уккусу келбегени менен эл-журт көрүп-билип эле турбайбы.

Негизи Атамбаевдин Текебаевди отургузуу планы тээ 2011-жылы эле башталган, ошол бышып жетилгенден кийин отургузуп жатпайбы. Мен ушуну ушул убакка чейин айтпай келген элем, эми айтайын. Атамбаев өзү айткан. Анын айтканын Ахматбек Келдибеков экөөбүз укканбыз. 2011-жылы 7-апрелде “Ата бейитке” каза болгондордун арбагына багыштап куран окутканга барып калдым. Атамбаев менен андагы спикер Ахматбек Келдибеков экөө турган экен. Учурашып, чогуу сүйлөшүп туруп калдык. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, бир маалда Атамбаевдин оозунан: “Бабыр аке, Текебаевге айтып коюңуз. Акыры мен аны жок кылам!” деген сөз чыгып кетти. Чынын айтсам, анын мындай сөзүнө дендароо боло түштүм. Ушул күнгө чейин эмнеге мага минтип айтканы мен үчүн табышмак. Эмнеден улам ушул сөз чыгып кеткенин Келдибековдон сурасаң болот. “Экөө эл алдында дос, көшөгө артында кас окшойт” деп койдум. Мен иштеп турганда өз ишим менен алек болуп, көп нерсеге аралашкан жокмун, аралашкым келген жок. Алар бат-бат эле жолугушчу, мен алардан өзүмдү оолак кармадым. Оолак жүргөн кишиге ким бир нерсе айтсын? Бирок, Атамбаев эмнеге, кандай максатта Келдибеков экөөбүзгө айтты, билбейм.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

One thought on “ЖЭЭНБЕКОВ: “Өлкө кыйын кезде Отунбаева президент болгон, муну эч ким тана албайт”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.