Роза ОТУНБАЕВА: «Атамбаевби, Жээнбековбу инаугурацияга чакырса да бармак эмесмин, себеби…»

Роза ОТУНБАЕВА: «Атамбаевби, Жээнбековбу инаугурацияга чакырса да бармак эмесмин, себеби…»

Экс-президент Роза Отунбаеванын кечээги Жээнбековдун инаугурациясына чакырылбаганы боюнча азыркыга чейин кызуу талкуу жүрүүдө. Ага Роза Исаковна бүгүн кыска, нуска «Азаттык» радиосуна төмөндөгүдөй жооп бериптир:

— Атамбаев болобу же Жээнбеков болобу, биздин далыбыздан басып өтүп бүгүнкү бийликке келген адамдар. Эгер мен ошол жерге барсам, өзүмдү ыңгайсыз сезмекмин. Кайсыл арыма барып, жыргап отурмак элем? Жолдошторубуз Өмүрбек Текебаев түрмөдө, 2010-жылы Жалал-Абадда токмок жеп жүргөн Бектур Асанов азыр түрмөдө, Дүйшөнкул Чотонов губернаторлук ордун Жээнбековго берди эле, ал деле түрмөдө отурат.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков ант берип, президенттик кызматка киришкен. Анын инаугурациясы «Ала-Арча» резиденциясында өтүп, ага 450 конок чакырылган. Ошол коноктордун тизмесине Отунбаева киргизилбегенин президенттик аппарат расмий билдирген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.