Роза Отунбаеваны тизмеге ким киргизбей койгон?

Роза Отунбаеваны тизмеге ким киргизбей койгон?

Кечээ, 24-ноябрда, Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы “Ала Арча” резиденциясында болуп өттү. Ант берүү аземине 450 конок чакырылып, күндүз ал жакта, кечинде белгилүү бир ресторанда чардашты. Экс-президент Роза Исаковна Отунбаеванын барбай калганы боюнча ар ким ар кандай божомолдоп жазып, азыркыга чейин сөз болууда. Көрсө, сөз төркүнү башка жакта экен.

“Экс-президент Роза Отунбаева жаңы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине чакырылган коноктордун тизмесине киргизилген эмес” деп жооп бериптир Президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмү «Азаттык» радиосуна. Бирок, эмнеге тизмеге кирбей калганы боюнча комментарий беришбептир.

Атамбаевдин эле буйругу болду…

Эми түшүнүктүү эле да, Атамбаев тизмеге киргизбей койгон. “Чакырбагыла!” деген буйрук болгон, ошону аткарган “куйруктарына” баракелде! Ошентсе да, “тарых деген тарых, кой чакыралы. Алгачкы жолу тынчтык жолу менен сизге тактыны өткөрүп берген” деп Жээнбеков чакырса болот беле? Кайра ал дагы уялбай, “биринчи жолу тынчтык жолу менен өткөрүп берүүдө. Ал үчүн “Эл баатырлыгын” берем. Биринчи жарлыгым ушул болот” деп сөз сүйлөдү.

Өлкө оор абалда турганда, жалгыз аял, аял башы менен өмүрүн тобокелге салып, жоопкерчиликти алып, оңдоп берди. Тарыхты жокко чыгарып салган мурунку, кийинки ажолорго жол болсун!

“Кыргыз Эл баатырлыгын” Атамбаевге бербөөнү сунуштайбыз!

Бул жогорку наамга Атамбаев татыган жок. Кайсы эмгеги үчүн беребиз?

  1. Максим Бакиевдин жерине хан сарай салып алганы үчүнбү?
  2. Батукаевди кызыл килем менен качырып жибергени үчүнбү?
  3. Дача СУга кулаган жүктүн ээсин таап, жоопкерчиликке тартпаганы үчүнбү?
  4. Парламентти башкарып алганы үчүнбү?
  5. Сотторго өч болгон кишисин соттоткону үчүнбү? Кайдагы бир башка мамлекеттин жараны, Маевский деген аферисттин сөзү менен, эч бир далили жок жалган жалаа менен Текебаев менен Чотоновду камап койгону үчүнбү?
  6. Мөңгүлөрдү талкалоого кол койгону үчүнбү?
  7. Сыйлык, наамдардын баркын кетиргени үчүнбү?
  8. Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов (шопурун кызматтан кызматка көтөргөнү үчүнбү?) экөөнө “Манас” орденин бергени үчүнбү?
  9. БШКнын төрайымы Шайлдабековага “Курманжан Датка” орденин бергени үчүнбү? Бул наамды Роза Отунбаева алыш керек болчу, оор учурда башын өлүмгө байлаганы үчүн! Мамлекетти бутунан тургузуп, тынчтык жолу менен тактыны мөөнөтүнөн мурда өткөрүп бергени үчүн!
  10. Иса Өмүркулов, Анвар Артыковго “Достук” орденин бергени үчүнбү?

11.ИИМдин башчысы Улан Исраиловго, орун басары Данияр Абдыкаровго, көп жыл бою жансакчысы болгон Сүйүнбаевге “генерал-майор” наамын бергени үчүнбү?

  1. Кыргыз-казак чек арасындагы элди узун кезекке тургузуп, өз оокатын кылып жаткан соодагерлердин азык-түлүгүн артка кайтарганы үчүнбү?
  2. Коңшу мамлекет менен “душман” болгону үчүнбү? “Казакстанга келген сайын сизден үлгү алам” деп Назарбаевди мактап жүрүп, кайра аны жамандап жатканы үчүнбү? Анын заар тилинин азабынан чек арадагы бир канча күн, азыр деле эл кыйналганы үчүнбү?
  3. Өз элин бөлүп-жарганы үчүнбү? Таластыктарды өгөйлөп, “Абыке, Көбөштүн тукуму” деп салганы үчүнбү? “Каалабасаңар башка өлкөгө кеткиле!” дегени үчүнбү?
  4. Кекчилдиги, этика, маданиятты сактабай, “балп” деп сүйлөгөнү үчүнбү?
  5. Акырында досу Сооронбай Жээнбековду ордуна алып келгени үчүнбү? Соке досу да минтип “Эл Баатырлыгын” берем”,- дейт. Уят. Элди ойлосоңор боло, деги. Жеке мамиле, өз кызыкчылыгыңарды ойлобой, элди ойлоп, элдин көйгөйүн чечсеңер боло. Тезинен чек ара маселесин чечиңиз, Сооронбай Шарипович!
  6. “Менин жолумду улантат Жээнбеков” деп атканы үчүнбү?

Эгер унутуп калсам, калганын силер кошумчалап койгула! Жогоркуларды эске алганда, Атамбаев “Эл баатырлыгына” татыктуу эмес. Бул наамды алса Максим Бакиевдин жерине салып алган жерине салык төлөбөй калат. Дагы башка жеңилдиктери бар. Жок дегенде салык төлөсүн да, карапайым эл деле төлөп жатпайбы. Анын жанында төлөгөнгө кудурети жетет.

СҮРӨТТӨ: Сооронбай Жээнбеков бар, издесеңер табасыңар.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.