Бурулкан КАРАГУЛОВА: “Чолпон Баекова үйүнө киргизбей койгонун, ага шагы сынып калганын ыйлап айтчу…”

Бурулкан КАРАГУЛОВА: “Чолпон Баекова үйүнө киргизбей койгонун, ага шагы сынып калганын ыйлап айтчу…”

Айтылуу акын Роза Карагулованы эскерүү кечеси жана маркумдун «Жаңырык» аттуу ыр китебинин бет ачаары 30-ноябрда, саат 10.00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын имаратында өтөт. Кирүү акысыз.

Ушундай эскерүүнүн алдында, «Эжени эскерүү күнүндө мен Ошко учам, катыша аламбы, албаймбы билбейм. Ошон үчүн баракчам аркылуу эскерип калайын дедим»,- деп, белгилүү акын Бурулкан Карагулова маркум Роза Карагулованы Фейсбук баракчасы аркылуу мыкты эскерүү жазыптыр. Ыйлап окуйсуң… 

«Дайыма эже менен ээрчишип жүргөнүмдөн мени көбү таластык дешчү…»

«Мен кайсы жыйынга катышпайын, дайыма Роза Карагулова эжем (сырдашым, досум, бир тууганым) жөнүндө айта кетем. Өтө кыйын, күчтүү акын болгонун жаш кезде анча байкабай калыптырбыз. Эми билип атканымды жашырбай айтып келем. Эже эч наам албай калса деле бир дагы эл акындары эженин деңгээлине татыбайт. Өтө уяң, назик, сулуу болгон. Дайыма эже менен ээрчишип жүргөнүмдөн мени көбү таластык дешчү.
Москвадан келип эле эжени ишине издеп барсам иштебей калыптыр. Ушул жерге далай келдим эле. Бир жолу Алик Акималиев экөөбүз түштө келип алыппыз. Эже түштөнүүгө (обед) деген эки тилим нан, сууга бышырылган эки картөшкөнү алдына койгон экен. Чай куюп бизге «жегиле» деп коет. «Жок эже түштөнө бериңиз, биз токпуз»,- десек , болбойт жегиле деп. Ошондо аябай ыйлагым келген эле. Алик бир нерсе деп сөз берди эле, бирок, анысын аткарган жок. Аны эстеген сайын кейийм. Эже чыгарган «Макал-лакаптар» деген китебин Москвада жашап, гезит чыгарып жүрүп аябай пайдаланган элем.
Көчүп келгенде 2 күндөн кийин эже каза болду деген кабар алдым. Эжени акыркы сапарга узатуу казасына барсам, Союздан эч ким барган жок. Айшеке эже менен Рамис агайдын аялы эле келген жаңылбасам. Ошол кездеги жетекчи Абдрахман Алымбаевге (Байас Турал) чалсам, Качкынбай Артыкбаев агайга кетишкенин айтышты. «Элди экиге бөлбөйсүңбү»,- десем, сүйлөнүп койду. Эженин кыркында кээ бир гана акын-жазуучулар келишти. Эжени эскерүү күнүндө мен Ошко учам, катыша аламбы, албаймбы билбейм. Ошон үчүн баракчам аркылуу эскерип калайын дедим.
Былтыр Таласка барып, губернаторго кирип, «эженин юбилейин өткөрөлү» деп кеңешип келгем. Ал аял орун басарына дайындаган. Экөө тең: «Карагулованы тааныбайт экенбиз»,-дешкен. Мен айтып бергем. «Таластын китепканасынан өткөрөбүз, сени да чакырабыз, калганын чакыра албайбыз»,- деген болчу орун басар. Эженин кайсы райондон, же кайсы айылдан экенин эч ким билбей койду. Биз Жыпар Акунова экөөбүз бүт районду кыдырып чыктык. Бир карыя таап, эженин айылын таптык. Ал жактан эч ким эже жөнүндө эч нерсе билбейт экен. Атасы сот болуп иштегендиктен, республиканын ар кайсы районунда которулуп иштептир. Бир тууган бөлөсү Чолпон Баекованы да ошол киши окуткан экен. Эже өлгөндө Чолпон эжеге кабар берсем, «мен бара албайм» деп койду. Кыркында да келбей койду.
Атасы өмүрүнүн аягында биринчи кесиби боюнча зоотехник же агроном беле унутуп атам, айтор, айылында иштеп ошол жерде каза болуптур. Облустук архивге келип арыз жаздым. Эже жөнүндө маалымат берип койгула деп. Бир жылдан кийин, быйыл жакында телефон чалышты, «бизде эч кандай маалымат жок экен»,- дешип. Ага чейин мен да бир нече жолу чалып турдум. Районунун акимине эскерүү кече өткөрүп берели десек, ал: «эже жөнүндө бизде эч кандай маалымат жок экен, кечирип коюңуз»,- деп койду. Айтор, эч максатсыз кыдырып жүрүп кайра келгем.
Роза Карагулова катуу ооруп каза болгон. Кызы Анара менен байланышып турам. Уулу телевидениеде иштейт. Жеңеси, келиндери менен байланышып турам. Чолпон эже менен да көрүшүп турам. Эже турмуштан аябай кыйналды. Бир жолу Чолпон эжеге жолугуп калыптыр. «Эже, үйгө келип тур!»,- деп коюп басып кетиптир. Кызы Анараны ээрчитип үйүнө барса, кайтарып турган милицияга: «киргизбе!»,- деп айтып, үйүнө киргизбей койгонуна эже аябай капа болуп, шагы сынып калганын ыйлап айтчу.
Роза Карагулова башкаларга окшоп жулунган эмес. Эгер жулунса эбак эл акынын алмак болчу.
30-ноябрда, саат 10до Улуттук китепканага келип берүүңүздөрдү суранам, урматтуу поэзия ышкыбоздору!»,-дейт биздин сүйүктүү акыныбыз Бурулкан эжебиз.

Уюштуруу тобу: «Шартыңыздар болсо, 500 сомго акындын китебин сатып алсаңыздар»

“Акындын көзү тирүү болгондо быйыл 71 жашка чыкмак. Жарыялана элек жана мурда жарык көргөн ырлары бир китепке топтоштурулду. Аны акындын элине берген табериги деп түшүнүңүздөр. Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков агайдын агынан төгүлө жазган эскерүүсү баш сөз иретинде берилген китептин экинчи бөлүгүн илимий макалалар, акын тууралуу эскерүүлөр толуктайт. Кирүү акысыз, бирок китептин каржысын төлөө максатында шартыңыздар келсе 500 сомго акындын китебин сатып алсаңыздар деген ниетибиз бар. Уюштуруу тобунун атынан сиздерди туура түшүнөт деген максатта ушул маалыматты айтып жатабыз”,-дейт уюштуруу тобу.

«Роза Карагулова котормочу катары дагы жакшы белгилүү…»

Роза Карагулова Талас шаарында 1946-жылы 30-июлда туулган. Ал 1970-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Нарын жана Көл өрөөндөрүнүн мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1982-жылдан өмүрүнүн акырына (2008) чейин китепканачылык кесипти аркалаган. 1979-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Анын “Кыз дүйнөсү” (1975), “Көл тынышы” (1978), “Жолдо” (1985), “Тынчы жок талаа” (1988), “Капчыгай” (1991) аттуу ыр китептери жарык көрүп, окурман журтчулугу тарабынан жылуу кабылданган. “Сүйүү жазы” аттуу мыкты ырына Түгөлбай ага (Казаков) жазган керемет обон — акындын акындык жүзүнүн бир көрүнүшү. Р.Карагулова Р.Тагор сыяктуу классиктерди которгон котормочу катары дагы жакшы белгилүү.

Маркумдун өмүр баянын улай, уюштуруу тобу: “Анын жарык көрө элек ырларынын бири төмөндө берилет. Акын тууралуу айтчу оюңуздар, пикириңиздер, ага арнаган ырларыңыздар, акындын өзүнүздөр билген ырлары, окуялары болсо ушуга улай жайгаштырып койсоңуздар. Өзгөчө акын журту колдойт деген ишенич бар. Акындын арбагы ыраазы болсун!,-дейт.
***
Түндүгүң көтөр элим,
Үйүңө түшсүн жарык.
Таң атып калгансыды,
Коогалар артта калып.
О сенин өткөн күнүң,
Өзөктүн муңун козгойт.
Уугуңду улаш дагы,
Оңойго турбады окшойт.
Канчалар кагып-силкти,
Себепсиз жер карадың.
Суюлду канча жолу,
Калдайган караандарың
Адамды алалабай,
Дилине батыра алган,
Бүлөсү ачка отурса,
Коногун чакыра алган.
Кудайга ниетиң түзбү,
Сүзүлдүң, үзүлбөдүң
Тагдырдын оор жолунда.
Уланды үзүлгөнүң
Эрдигиң ушул болду.
Элдигиң сактап келдиң
Дээри бар уул-кызыңа
Манастай дөөлөт бердиң
Санааны жеңип көрдүң,
Чаалыктың, кичирбедиң.
Өткөргөн жүрүшүнөн
Өртү бар Кыргыз канын.
Жергемде көбөйүүдө,
Жетилүү адамдарың.
Кудайга шүгүр дейли,
Оңолоор элдин пейли.
Намыс-ар болгондуктан,
Дээринде бабалардын.
Башыңа иш түшкөндө,
От-гүлдөй жайнап чыгат,
Орундуу уулдарың
Жылдызды кармап көрүп,
Асканы мекен кылган.
Адамдар сенде да бар,
Ааламга сүйлөй турган.
Чаалыксаң тыныгаарсың
Улутунуу күнөөгө тең,
Кармаба көңүлгө арман.
Элеси эске түшсө,
Ой-санааң алган кубат.
Эл-жерди сүйө алчулар
Атайын жаратылат…

Урматтуу поэзия сүйүүчүлөр! Дагы бир жолу эскертебиз, акын Роза Карагулованы эскерүү кечеси 30-ноябрда, саат 10.00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын имаратында өтөт. Келип кетиңиздер! Кирүү акысыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.