Феликс КУЛОВ, экс-премьер-министр: «Акаевдин башына Ельцин кашык менен ойногон эмес»

Феликс КУЛОВ, экс-премьер-министр: «Акаевдин башына Ельцин кашык менен ойногон эмес»

Орус президентинин коопсуздук кызматынын башчысы Александр Кержаков өзүнүн “Борис Ельцин: таң аткандан күн батканга чейин” (“Борис Ельцин: от рассвета до заката”) деген китебинде “Ельцин Аскар Акаевдин башына кашык ойноткон” деп жазганы кеңири тараганын билебиз. Аталган китепти Ельцин Кержаковду кызматтан кетиргенден кийин, ага таарынып жазып чыкканы бар. Ал унутулган нерсени кечээ жакында бийликтен кеткен Алмаз Атамбаев президенттик шайлоонун алдында эстеп, 21-сентябрда, Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында 19 мүнөт сөз сүйлөп, сөз арасында: “Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун!” деген эле. Акаевдин башына Ельцин кашык ойнотпогунун өз көзү менен көргөн Феликс Кулов эмнегедир бүгүн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына орусча жазып чыкты. Биз аны кыргызчаладык:

“Жакында эле менден Ельциндин Акаевдин кашка башына кашык урганы жөнүндө сурап калышты. Иш Көлдө, мамрезиденцияда, 90-жылдардын башында болгон. Кечки банкетте (анда мен ички иштер министри катары катышкан элем) комуз менен кыргыз күүсү коюлганда, Ельцин ордунан тура калып, эки кашыкты алып, күүнүн ыргагы менен чапкылана баштады. Алгач тизесин ургулап, анан үстөлдү, көзүнө көрүнгөн ар нерсени ургулап, бурула калып, жанында олтургандардын баштарынын үсүтүнөн (тийгизбей) кашык шилтеп жатты. Акаев анын сол жагында олтурган, оң жагында дагы бирөө, чочуп кетишип эңкейип калышты, Ельцин кашыктарын абада силкип жатты. Ельцин да эр экен, өзүнүн алешемдигин дароо түшүнүп, ошол замат кыймыл-аракетин токтотту. Мен каптал тушта олтургам, Акаевдин башына кашык менен урбаганын даана эле көрүп турдум. Мен муну расмий билдирип жатам: Акаевдин башына ургулаган эмес! Ушундай эле көрүнүш Ташкенттеги КМШ башчыларынын саммитине арналган банкетте да болгон. Бу жолу да Ельцин музыка аткарыла баштаганда кашыктарды колуна алып, туш келди ургулай баштайт. Жанында олтурган Каримов менен Назарбаев ордуларынан жылып кетишкен. Ельциндин кашыктар менен ойногон адатын бүткүл дүйнө жакшы билген, бирок бирөөнү кемсинтип, башына ойноткону эч качан болгон эмес. Көңүлүн көтөрүп, абаны ургулаганын бардыгы билет. Анан аны мисал кылып, “биз эркинбиз, эми эч ким башыбызга кашык ойнотпойт” деп айтуу жөнсүз жорук”.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.