Каабада сүрөткө түшүп, видеого тартууга тыюу салынды

Каабада сүрөткө түшүп, видеого тартууга тыюу салынды

Сүрөт, видео тартууга тыюу салынганын Milliyet гезити жазып чыкты. Алардын айтымында, акыркы мезгилде Каабада селфилеп, сүрөткө түшүп, видеого тартып алгандардын саны көбөйүп кеткен. Андайга азыр катуу тыюу салынды. Мындай тыюу салуунун башкы максаты мусулманчылыктын ыйык ибадат жайларын ыйык сактоо менен түшүндүрүшкөн. Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги Мекеге зыяратка жиберген өлкөлөргө эрежени сактоону түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Эгерде эрежени сактабай, сүрөткө тартышса, анда алардын телефон, фотоаппараттарын сакчылар тартып алышат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.