Майрамбек ОСМОНОВ: “Мени жаманатты кылгысы келген адамга Кудай жазасын берсин!” 

Майрамбек ОСМОНОВ: “Мени жаманатты кылгысы келген адамга Кудай жазасын берсин!” 

Айзада Имашова менен Азат Анарбеков аттуу Фейсбук колдонуучулары “Ак элечек” долбоору боюнча өздөрүнүн баракчасына жазып чыгышкан. Алардын жазганын арасында ырчы Майрамбек Осмонов жана журналист Элнура Кулуева менен продюсер Дана Абдыбекованын аттары аталган. Аттары аталган эки белгилүү чыгармачыл адамдар  Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй жазып чыгышты.

“Урматтуу мекендештер! “Ак элечек апалар” долбооруна менин эч кандай тийешем жок. Тескерисинче, биринчи Спорт ордосунда өткөрүлгөн аземинде денем дүркүрөп сыймыктангам. Мени жаманатты кылгысы келген адамга Кудай жазасын берсин! Дана менен Элнурага дайыма ийгилик каалайм!”,- деп ырчы Майрамбек Осмоновдун жазганына Элнура Кулуева ыраазычылык билдирип, “Майрамбек байке, акыйкат жана ак сөзүңүзгө рахмат!” деп жазып, Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Айзада Имашова менен Азат Анарбеков Фейсбукка мындай деген маалыматты таратышкан…

“Белгилүү ырчы Майрамбек Осмонов жакында Ошко барып кайткан. Сапар убагында ага “Шайыр апалар” долбоорунун катышуучулары, көчөдө жолуккан энелер арыз муӊун, акча алдатып жибергенин айткан. Алар “Ак Элечек” долбоору менен Ошко барган журналист Элнура Кулуева жана продюсер Дана Абдыбековалар болушу мүмкүн.
Майрамбек Осмонов ОшТВ телеканалына берген маегинде мындай деп айтат: “Ошто элди аралап жүрсөк, жолуккан энелер арыз-муӊун айтышты. Себеби, мен “Шайыр апалар” долбоорунда эксперт болуп бир жылдай эмгек кылып калгамын. Ошого байланыштуу көчөдө басып жүрсөк, “бул жерде “Ак элечек” деген программа болуп өттү, балам. Анан ушуну бир жогору жактан, телевизордон айтсаӊ боло. Эки кыз келип эле бизден 5000 сомдон чогултуп, анан “баланча-түкүнчө” деп башыбызды айлантып, “биз ал жактан келдик” деп заматта алдап кетип калышты. Элдин ынтымагын, элдин жаӊы эле чогулуп аткан жакшы максатына ажырым пайда кылышты. Бала үчүн, эне үчүн адам баласы эч нерсени аябашын билип алышып жаман жоруктарын көрсөтүп атышат”,- деген көчөдөгү апалардан сөз уктук. Сулайман Тоого апаларды чогултуп алып, алардан акча талап кылып, быйылкы маданият жылын жамынып алып элди алдашыптыр. Эгерде ошондой элди алдаган, бул жакка келип алып чоӊдорго “биздин жакшы пландарыбыз бар” деп жатса, анда алар жакшылык деле көрбөйт. Эгерде, “Майрамбек Ошко барып ушундай айтыптыр” деп бирөө батынып келсе, мен аны менен сүйлөшөм. Эл-журт айтып аткан акмакчылыгын бетине айтып берем. Эгерде Кыргызстан деген чоӊ карынды бир эки кумалак чиритип атса, анда мамлекеттик деӊгээлде тыюу салыш керек! Жеке кызыкчылык үчүн жалпы энелерди бетине кармап, анан байып, андан ары барып кыянаттык кылам деген аялдарды тыйыш керек!”,-дейт Майрамбек Осмонов” деп жазган.

Андан ары улай, ал мындай деп жазган: “Белгилей кетсек, “Ак Элечек” долбоору менен Элнура Кулуева, Дана Абдыбековалар аймактарды кыдырып кайтышкан. Айрым маалыматтарда, алар кайсы бир чиновник, байларды спонсор кылышкан. Аны менен чектелбей, энелердин капчыгын дагы кагып келе беришиптир. Эгерде, Майрамбек Осмоновдун айтканы жалган десе, анда Элнура Кулуева менен Дана Абдыбекова дагы өз чындыгын айтышаттыр.
Эгерде, ушундай абийирсиздик кылып жатышса, анда бул эки кыздын бети ылай экен. Ал экөөнү жакында курбусу Сайракан Дуулатова деген “Ардак грамотага” көрсөтүп жаткан болчу. Энелерди тоноп, капчыгын кагып байып аткан уятсыздыгы үчүн аларга мамлекет сыйлык бериши керекпи?” дегенди жарыялаган Азат Анарбеков менен Айзада Имашова.

Элнура КУЛУЕВА: “Айзада менен Азатты УКМКга бердик”

Белгилүү журналист Элнура Кулуева өзүнүн баракчасына: “Айзада Имашова менен Азат Анарбеков УКМКга жазылган арызга бүт баракчалары скрин болуп тиркелди. Ар бир сөзү, пикири көчүрүлдү. Мындан тышкары ватсаптан келген номерлер жазылды. Аныктоо.. териштирүү үчүн. Мыйзам алкагында аракеттер. Стенограммасын кагазка толук түшүрдүк. Мындан сырткары, абройго шек келтирген сөздөр менен пикир жазган 4 фейк, ватсаптан жөнөткөн номерлер кирди”,- деп жазып чыкты.

Элнура Кулуева менен болгон маекти эртең окуй аласыздар!

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.