“Нават” кафесинен өрт чыгып, жабылды

“Нават” кафесинен өрт чыгып, жабылды

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бүгүн, 26-ноябрда, эртең менен саат 10:37де Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан «Нават» кафесинде өрт чыккан. Өрт өргүчтөр чакырылып, алар саат 11:43тө өрттү толук өчүрүшкөн. Алдын ала божомол маалыматтарга караганда, өрт ашканадагы сормо аба системасынан башталган.

Кафенин жалпы аянты 10 чарчы метр болгон. Учурда аталган кафе жабылды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.