Шейшенбек ЖАНЫШОВ, Омардын атасы: “Балам келиндүү кылып бизди сүйүнттү”

Шейшенбек ЖАНЫШОВ, Омардын атасы: “Балам келиндүү кылып бизди сүйүнттү”

29 жаштагы белгилүү ырчы Омар (Өмүрбек Жанышов) Диана аттуу Чүйлүк (өзү Таластык) кызга үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылып сүйүнттү. Эки жаштын үйлөнүү-үлпөтү 2-декабрда “Ала Тоо” ресторанында өтөт.

Омардын атасына телефон чалып, куттуктап, “өзү таптыбы же сиздер кудалашкан кызды алдыбы?” десек, ал: “Жок, биз кийлигишкен жокпуз, өзү эле сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошту.  Биздин бир кыз, бир балабыз бар. Кызыбызды турмушка бергенбиз. Эми минтип уулубузду үйлөнтүп, кичинекей үй-бүлөлүк мамлекетин куруп берип жатабыз. Кечээ кудалар тарап ресторандан кыз узатуу жөрөлгөсүн жасашты. Биз дагы салт-санаасын кылып, алдына түштүк. Эки балабыздын үйлөнүү-үлпөтүн, келаткан ишембиде, 2-декабрда, “Ала Тоо” ресторанында өткөргөнү турабыз. Биздин үйдө эки кубаныч болууда. Бири – келиндүү болдук, экинчиси — Омар Казакстандагы ырчылар конкурсунан (Казакстанда өткөн Silk Way Star музыкалык шоу конкурска катышып, жемиштүү келди — авт.)  жеңиш менен келди. Эки кубанычыбызды тең бөлүшүп, сиздерге окшоп чалгандар, келгендер болууда. Ыраазыбыз, ырахмат сиздерге, баарыңыздарга ырахмат”,-дейт ырчынын атасы кубанып.

Баш кошкон эки жаш бактылуу болушсун! Табышкан эки жаш таалайлуу болушсун! Эмки жылы бешик тоюн беришсин!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.