Айылчы САРЫБАЕВ, профессор: «Түшүнсөӊ түшүнөөрсүӊ, түшүнбөсөң, дагы бир адамдын мээсин бүтүрөөрсүӊ»

Айылчы САРЫБАЕВ, профессор: «Түшүнсөӊ түшүнөөрсүӊ, түшүнбөсөң, дагы бир адамдын мээсин бүтүрөөрсүӊ»

Жалгыз дарак бак болбойт же шайлоодон кийинки турмушубуз жөнүндө

“Шайлоо, шайлоо” деп жатып аныбыз да бүттү. Утулган бир тобу «Демиккен таз демиӊди бас» болуп өз алы кандай экенин түшүнүп унчукпай калды. Түшүнбөгөнү дагы эле күпүлдөмүш этип атат. Жеӊилүү ызасы да унутулат. Жашоо жүрө берет. Шайлоо алдындагы удургуп ар кандай айла-амалдар менен жеӊебиз деп жатып өлкөнүн ичиндеги кырдаалды эле эмес, эл аралык деӊгээлдеги кырдалды да бир топ курчутуп коюшту. Сооронбайдын шайлоосу Трамптыкынан кем калган жок. Трамптын шайлоосу Орусия менен чыр-чатакты арбытса, Сооронбайдыкы Казакстан менен тирешүүгө алып келди. Бирок АКШда мурунку президенти негр Обаманы “Сен кулдун баласысыӊ Путинден кечирим сура” деп айтыш эч кимдин түшүнө да кирген жок. Кыкеӊдердин айрымдары сатып алган «депутат» ыйык атына жамынып алып, А.Атамбаев Н.Назарбаевден кечирим сурашы керек деп ач айкырык салып жаткан кези. Ал эмес “ЕАЭСке киргенге даяр эмес болчубуз” деп 4 класс деӊгээлинде билими бар бирөө тышкы саясатка акаарат айтып жиберди. ЕАЭСтин саясий жана экономикалык маанисине каллаӊ жетпесе «Кем акыл экендигиӊди билгизгиӊ келбесе, унчукпай отурганыӊ жакшы» деген макалды эстегениӊ дурус болоор.

Менин бир агаларым элдин бары теӊ эле А.Акаевди жамандап атканын угуп отуруп мындай дегени эсимде: “жаманбы, жакшыбы, Президент деген ат бул мамлекеттин желек, герб сыяктуу эле ыйык атрибутунун бири. Балким А.Акаев жамандыр, бирок Президент деген атты сыйлашыбыз керек. Эгер татыктуу болбосо, кийинки шайлоодо кемчилигин айтып туруп шайлабай койгула”.

Өз президентиӊди бөлөк өлкөнүн президентинин алдында кечирим сура дегенди кандай адам айта алышы мүмкүн. Бул адам депутат эле эмес, Кыргыз Республикасынын жараны деген атка да татыксыз экенин билээр бекен. Же ага баары бирби? Ошондой адамды оӊбогондой акчасын алып, тизмесине кийрип депутат кылып алып келген партия жетекчиси, жана аны колдоп шайлап берген адамдардын деӊгээли менен жакшы жашоого, алдыга өнүгүүгө мүмкүнбү? Албетте жок. Бул чоӊ суроо.

ЕАЭСти жактап эмес, анын саясий жана экономикалык мааниси чоӊ экенин айтканбыз жана айта беребиз. Себеби дүйнөдөгү экономикасы чоӊ жыйырма өлкөлөр да бирдиктүү экономикалык саясат жүргүзүүгө аракет кылышат. Андан башка сегиз өлкөнүн да биримдиги өзүнчө. Жакында эле Тынч океандын аймагындагы Азия өлкөлөрүнүн саммити болду. Ушуга окшогон ар кандай региондордогу биримдиктер биргелешип өз ара пробламаларын чечүүгө аракет кылышат. Антпесе жалгыз калсаӊ, кыргызча айтсак, карышкырларга оӊой жем болосуӊ. Бизди дагы даяр эмес элек деген шылтоо менен аӊга түртүп жатышканын жанагы акылдуусунган депутат сөрөйлөр түшүнбөгөнү өтө коркунучтуу.

“Бюджет дефицити, тышкы карызыбыз көбөйүп кетти” дешет. Бюджетке салык төлөбөй, анысы аз келгенсип бюджеттин эсебинен депутат же министр болот элем деп чачкан акчасын кайрып алып жаткандардын санын кескин кыскартып, кекиртектеп салыгын толук төлөтсөк эле бюджет профицит болуп, тышкы карызыбыз кескин азаят.  Бул жерде проблема өзүбүздө. Бул чечиле турган проблема, эгерде С.Жеенбеков Ө.Бабановго сөөмөйүн кезеп «корупцияны жоюуну сенден баштайм» деген сөзүнө тура алса. Бирок ишениш кыйын. «Жебеген жердин алдында, жигит болсоӊ түштүгүӊө жорго мин» болуп мурунку кокуйлардын жолуна түшүп кетпейт деп ким кепилдик бере алат. Жандооч болуп жүргөн досторубу? Же колдогон кожосубу?

Казакстан аркылуу тамтаӊдап тамак ашыбызды Казакстанга, Орусияга кымбат сатат элек деп, ар кимдин мазагына чыдап, айлап-жылдап чек арада жалдырап отурбай, өз рыногубузду арзан жана сапаттуу продукцияга толтурсак, кыргыздарга жарашпайбы? Биз сөзсүз эле ЕАЭСтин ичине сатышыбыз керекпи? Сапаттуу арзан продукцияӊды кааласаӊ Африкага, Америкага, Австралияга сат .Айлаӊ эле кетсе, Кытайга сат. Кытайдын орточо бир эле шаарын тойгузуп алчы, кыйын болсоӊ.

Тилекке каршы, жарытылуу экономикалык саясаттын жоктугунан, саясат жүргүзөм деген шишке саяр кадрларыбызды «Ээ чыкыӊ, эшике чыкыӊ» деп жумуштан кубалап, майлуу кызмат орундарга мурунтан жана эмитен эле «чоӊ болгондон кийин иштегенди үйрөнөм да» дегендерге сата берсек, небак иши сотко өтүп камала тургандарды «Атаӊдын арбагы үчүн» деп андан да чоӊ кызматка кое берсек, албетте оӊолбойбуз. Н.Назарбаев эле эмес анын Касымжоомартынан тизелеп, куруӊдү мойнуӊа салып буркурап ыйлап туруп миӊ мертебе кечирим сурасаӊ да оӊолбойбуз. Ишибиз алдыга жылып, өлкөбүз оңолуш үчүн өзүбүз оӊолушубуз керек. Өзүбүздүн оӊолоорубузга ишениш кыйын.

Ал эми “Орусияга, Казакстанга жалдырабайм” десеӊ жумушчу орунду көбөйтүп, ошол жакта азап тартып оокат кылып, ал эле эмес, быяктагы үй бүлөсүн багып жаткандарды «мынча миллиард акча салышты» деп шыпшынбай кайра өлкөбүзгө кайрып, жаӊы өспүрүмдөрдү чет өлкөгө кеткенге даярдайбыз дебей, өз өлкөбүздө калганга шарт түзүп бергенди үйрөнсөк жудаа жакшы болот эле. Ошондо биздин эл эркин өлкөдө жашап жатабыз деп айта алат. Болбосо 31 август жомок бойдон кала берет.

Биздин республика үчүн инфраструктура өтө керек экенин айта берип өзүм да тажап бүттүм. Көп айта берсеӊ, сөздүн мааниси кетет. Ошон үчүн айтылат: «Сөздү уккан жерге айт, сууну сиӊген жерге куй» деп. Айта берип тажадым. Эми “унчукпай эле коеюнчу” десем, «билип туруп айтпай койсоӊ — күнөө болот» деп куранда айтылган. “Унчукпай коюуга акыӊ жок” деп бир профессор сөзгө жыгып койду. Балким акма кулактар кетип, куйма кулактар угуп калаар деп каткырып күлөт. Дагы эле болсо жакшылыктан үмүтү үзүлбөптүр. Кандай оптимист жакшы адам?!

Мактаган Бишкек бүгүнкү күнү союздун убагындагы он беш республиканын борбор шаарларынын ичнен эӊ караӊгы, тар жана талкаланган көчөлөрү менен айырмаланып турат. Дүйнөнү дүӊгүрөтүп мактаган Бишкек — Ош жолу капиталдык ремонттко муктаж. Ал эми Төө Ашуу тоннели аман эле болсун. Тар, капкараӊгы жана жолдору талкаланган. Ичинен эки машине кудайлап атып араӊ өтөт. Ар жак-бер жагынан каадаланып жолго акча алгандарын кантесиӊ. Белдин ар жак-бер жак капталындагы жолдордун кейпин көрүп, жерге эмес, бетке түкүргүӊ келет. Ошол жолдон азыркы жана мурунку президенттер менен премьер-министрлер (баш-аягы отуздай ) далай жолу өтүшкөн. Бирок алар көздөрүн таӊып алып же мас болуп алып өтүшөбү, же көрсө дагы жол кандай болоорун түшүнүшпөйбү деген ой келет.

Жанагы коргонуу секретариаты мугалимдерге асылбай, ошолорго асылбайбы. Мугалимдер менен врачтар элге жакшылык кылып жаткандар. Ал эми жолчулар аӊ-дөӊдөн арылбаган, асфальты болсо бөлтөк-бөлтөк атайын чийимдери жок жолдорду кышка 80 процент даярбыз деп рапорт беришти. Жолчулары болсо чийимге же жолду оӊдо деп берген жарыбаган акчаларын эки күндөн кийин эле түгөндү деп ооздорун куу чөп менен аарчып тура беришет. Анын азабынан миӊдеген өмүрү кыйылган адамдардын (кечээ эле Жумгалдын Өрнөк айыл өкмөтүнүн 4 бакандай кызматкери набыт болду) убалына калган жокпу? Тергөө кызматкерли жанталашып күнөөнү курман болгондорго оодарууга аракет кылып, шыйрагы үзүлгөнчө чуркап жүрөт. Болбосо ошол коргонуу комитети кимди коргойт? Жүргүнчүлөрдүбү же Президентти эле коргошобу? Же элди коргоо функциясын НПОлорго өткөрүп беришти беле?

Темир жол проблемасы башталганына 15 жылдай болуп калды. Ошол күндөн ушул күнгө чейин чечилбей келет деп таӊ калып жүрсөк, жакында кетип жаткан президент ачык айтты. Атайын тоскоолдуктар болуп келгенин. Ал тоскоолдуктар жөн жерден болгон эмес. Жол курууга биздин мафиоздор каршы болууда. Эмне десе эле мөӊгүгө, экологияга  шылтай беришмей адат болуп калды. Европада Альпы тоолорунда, Америкада Апачи тоолорунда тешилбеген, жол салынбаган жери жок. Европалактар жолдон экология бузулса, эмдигиче бири да калбай калмак. Тескерисинче, алардын экономикасы өсүп, элдин жашоо турмушу өтө бийик, орточо жашы небак 75тен ашкан.

Мындан 4 жыл мурун ошол кездеги президенттин алминистрациясында иштеген Н.Ахметовага «Президент демилгеси менен кабыл алынган 2013-2017 социалдык-экономикалык программасын ишке чогуу ашыралы, Кытайдан делегация келсе бизге да жибергиле, чогуу талдайлы, изилдөө иштерине жардам берели” (ал кезде азыр жабылган Экономика жана финансы институнун директору элем) десем, Экономика министрлигине келген делегациясын бизге жибериптир. Алар менен жолдор, логистикалык борбор ачуу, экономикалык катнашты күчөтөлү маанисинде сүйлөштүк. Андан кийин алар бизди Кытайга Жаӊы эркин экономикалык Сюйвэй районуна официалдуу чакырышты. Экономика министрлигинен 3 өкүл, транспорт министрлигинен жана биздин институттан болуп бардык. Кытайдын адистери биздин делегацияны Сары деӊиздин жээгиндеги жаӊы курулуп жаткан эл аралык чоӊ портунан Борбор Азиянын 5 өлкөсүнө атайын бөлүнгөн жерлерди алып барып көрсөтүштү. Ал жерден Кыргызстанга 13 гектар, Казакстанга 21 гектар жер бериптир. Казактардыкы иштей баштаганына 1.5 жыл болуптур. Биз болсо алабыз же албайбыз деп ачык айтпай бир топ жылдан бери созуп жатыптырбыз.

Андан кийин бул логистикалык борбордун Кыргызстан үчүн кандай мааниси бар экенин кытайлар атайын доклад жасашты. Биз эмес, кытайлар биз үчүн жасашты. Сөзмө-сөз мага атайын кайрылып мындай дешти:” биз барсак, тоготушпай жаш балдарга жолуктуруп коюшат, келишсе деле жаш балдарды жиберишет. Же алар маселе чечишпейт. Сизди атайын чакырдык. Өкмөткө айтыӊыз. Тезирээк алабыз же албайбыз деп айтышса жакшы болот эле. Болбосо башка деле каалаган инвесторлор көп” деп. “Мен болгону бир окуу жайдын профессорумун, бул мамлекеттин функциясы” десем, “алардан тажадык, сизди балким угушаар, сизден бөлөк арга калган жок” дешти. Андан бери 3 премьер-министр, 3 экономика министри алмашты. Эч нерсе чечилген жок. Экономика жана финансы институтунун кереги жок. филологдор деле физиктерге окшоп чоӊ экономист боло алат деп аны да жаап салышты. Мына сага экономикалык саясат. Мына сага чек ара жаӊжалы. Демек казак тарап талуу жериӊди таап алып, ошону бетине кармап жатат да. Албетте жанагы тегерек үстөлдө отуруп бирөө айткандай Казактардын коррупциясына биздин коррупция теӊ келе албайт. Бирок күнөө өзүбүздө.

Кытай болбосо, Бишкек-Торугарт жолу курулмак эмес. Мындан ким зыян тартты? Алар (Кытайлар) Торугарттын ары жагына же бери жагына логистикалык борбор куруп, эркин экономикалык зона кылалы десе «басып алды эле, басып алды» деп кызыл кыргын болуп атып салдырбай коюшту. Эми Казакстандын Хоргосуна барып тамтырап жатышат. Бедел аркылуу дагы бир жол куралы, кытайдагы кыргыздар менен кенен катышасыӊар десе «экология» деген шылтоо менен буга каршы болуп жатышат.

Деги кыргыздарга эмне керек? Бекер акча, бекер тамак, эмгек кылбай жакшы жашоо, “биз Манастын тукумубуз, а силер кимсиӊер?” деп бөлөк улуттагы калкты мазактоо, душман кылуу. Билим-илимдин да кереги жок. Керек болсо дипломду сатып алабыз. Диплом болсо, каалаган кызматты деле сатып алабыз. Ушулар эле керекпи? Бейиши болгур И.Абдразаков агай экөөбүз жолуккан сайын “эмгек маданиятын элге кантип жеткиребиз?” деп сүйлөшүп калаар элек. Тилегине жетпей, же коомдун өзгөргөнүн көрбөй, ал киши да өтүп кетти. Билимсиз, эмгексиз жана жоопкерчиликсиз келечек жок. Демек ушул жана башка толгон токой проблемаларды чечкенге жаӊы президентибиздин шайы келээр бекен? Дагы да болсо күтөбүз.

Бул сын айтуу эмес, түшүнгөн адам үчүн “подсказка”. «Түшүнсөӊ түшүнөөрсүӊ, түшүнбөсөң, дагы бир адамдын мээсин бүтүрөөрсүӊ» деп атактуу акыныбыз Эстебес агайыбыз ырдагандай.

 Айылчы САРЫБАЕВ, профессор, экономика илимдеринин доктору

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.