Жээнбеков үч таасирлүү кызматтын башчыларын чакырып алып, сөзүн Атамбаевден баштаптыр…

Жээнбеков үч таасирлүү кызматтын башчыларын чакырып алып, сөзүн Атамбаевден баштаптыр…

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда, премьер-министр Сапар Исаковду, ЖК төрагасы Дастанбек Жумабековду, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны чакырып, алар менен жолугушуп, көп нерсени сүйлөштү. А дегенде эле Атамбаевден баштаптыр…

“Атамбаев Алмазбек Шершенович ден соолугун жана күчүн аябастан, өлкөгө туруктуулук орнотту. Тиешелүү мыйзам чыгаруучу базабыз бар. Бизден иштеш жана ар бирибиздин милдетибизди так аткарыш гана талап кылынат. Биздин милдет – Кыргызстанды өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, экономиканы көтөрүү, улуттук кызыкчылыктарды коргоо. Бийликтин баардык бутактарында коррупцияга каршы күрөшкө болгон күчүбүздү жумшоо. Жетиштүү иш тажрыйбамдан улам, баардык бийлик бутактарына конструктивдүү иш-аракет жүргүзүүгө жардам берүүгө даярмын», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Пикир алмашуудан кийин, мамлекет башчысы жакын арада ар бир бийлик бутагынын артыкчылыктуу маселелерин жана багыттарын терең талкуулоо үчүн өзүнчө жолугушуу өткөрүү ниетин билдириптир.

«Соке досум» деп сүйлөп жүрүп, тактыны кан досуна өткөрүп берди. Соке досу да ушинтип эле ар бир жерге Атамбаевди кошуп сүйлөп, «баласын» мактагандай эле мактай береби? Болду да эми, «Эл Баатыры» кылды. Атамбаевди кошпой сүйлөп, өз алдынча иш алып баруусу керек! Сиздер кандай дейсиздер?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.