Жээнбеков сөзүнө туруп, Атамбаевди «Кыргыз Эл Баатыры» кылды

Жээнбеков сөзүнө туруп, Атамбаевди «Кыргыз Эл Баатыры» кылды

Бүгүн, 27-ноябрда, жаңы эле президент болгон Сооронбай Жээнбеков ишке чыгары менен өзү айткан биринчи Жарлыгына кол койду. Ал Жарлыгын ишке ашырды. “Элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн” деп, бүгүн Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарды.

Ошентип, Жээнбеков Атамбаевдин 2,7 гектар Максим Бакиев басып алган жерине Атамбаев хан сарай салган жериндеги салыгынан да бошотуп берди. Мына ишенип шайлаган Жээнбековуңардын кылганы. Мен Атамбаевди да, Жээнбековду да шайлаган эмесмин. 

Булар бири-бирин куттуктап эле жүрө беришеби? Олуттуу Жарлык чыгарышабы деги? Качан чек ара маселесин биринчи орунга коюшат? Качан элдин көйгөйлүү маселесин чечишет?

И баса…

Мындай наамды берүү маселесин депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңеште көтөрүп чыккан. Ал эл өкүлү болуп туруп, элдин маселесин көтөрүп чыкпай, дайыма эле мамлекеттик кызматта турган адамдардын маселесин көтөрүп кошомат кылып келет, жакшы билесиңер да.

Атамбаев “Кыргыз Эл баатырлыгын” мындай кылганы үчүн алдыбы?

  1. Максим Бакиевдин басып алган жерине хан сарай салып алганы үчүнбү?
  2. Батукаевди кызыл килем менен качырып жибергени үчүнбү?
  3. Дача СУга кулаган жүктүн ээсин таап, жоопкерчиликке тартпаганы үчүнбү?
  4. Парламентти башкарып алганы үчүнбү?
  5. Сотторго өч болгон кишисин соттоткону үчүнбү? Кайдагы бир башка мамлекеттин жараны, Маевский деген аферисттин сөзү менен, эч бир далили жок жалган жалаа менен Текебаев менен Чотоновду камап койгону үчүнбү?
  6. Мөңгүлөрдү талкалоого кол койгону үчүнбү?
  7. Сыйлык, наамдардын баркын кетиргени үчүнбү?
  8. Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов (шопурун кызматтан кызматка көтөргөнү үчүнбү?) экөөнө “Манас” орденин бергени үчүнбү?
  9. БШКнын төрайымы Шайлдабековага “Курманжан Датка” орденин бергени үчүнбү? Бул наамды Роза Отунбаева алыш керек болчу, оор учурда башын өлүмгө байлаганы үчүн! Мамлекетти бутунан тургузуп, тынчтык жолу менен тактыны мөөнөтүнөн мурда өткөрүп бергени үчүн!
  10. Иса Өмүркулов, Анвар Артыковго “Достук” орденин бергени үчүнбү?

11.ИИМдин башчысы Улан Исраиловго, орун басары Данияр Абдыкаровго, көп жыл бою жансакчысы болгон Сүйүнбаевге “генерал-майор” наамын бергени үчүнбү?

  1. Кыргыз-казак чек арасындагы элди узун кезекке тургузуп, өз оокатын кылып жаткан соодагерлердин азык-түлүгүн артка кайтарганы үчүнбү?
  2. Коңшу мамлекет менен “душман” болгону үчүнбү? “Казакстанга келген сайын сизден үлгү алам” деп Назарбаевди мактап жүрүп, кайра аны жамандап жатканы үчүнбү? Анын заар тилинин азабынан чек арадагы бир канча күн, азыр деле эл кыйналганы үчүнбү?
  3. Өз элин бөлүп-жарганы үчүнбү? Таластыктарды өгөйлөп, “Абыке, Көбөштүн тукуму” деп салганы үчүнбү? “Каалабасаңар башка өлкөгө кеткиле!” дегени үчүнбү?
  4. Кекчилдиги, этика, маданиятты сактабай, “балп” деп сүйлөгөнү үчүнбү?
  5. Акырында досу Сооронбай Жээнбековду ордуна алып келгени үчүнбү?
  6. “Менин жолумду улантат Жээнбеков” деп айтканы үчүнбү?
  7. Жаңы президент болуп келгенде: “Назарбаевге барып чөгөлөсөм да Каркыраны кайрып алам”,- деген. Андай кийин ал сөзүн танып кеткен. Кечээ айткан сөздөрүн бүгүн танып кеткени үчүнбү?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.