Адил ТУРДУКУЛОВ: “Атамбаевдин “баатырлыгын” мураскери эмес, эл чечиши керек!”

Адил ТУРДУКУЛОВ: “Атамбаевдин “баатырлыгын” мураскери эмес, эл чечиши керек!”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Эл баатырлыгын” алып, ушул сыйлыктын арты менен хан сарайын салган жер салыгын төлөөдөн кутулуп, учурда Индиядагы Гоада эс алууда. Бул наамды алганы боюнча ар ким ар кандай кабыл алды. Өзгөчө, баягы эле илгерки кошоматчы саясатчылар туура көрүп, куттуктап да жиберишти. Бул сыйлык боюнча, дегеле, эски достор Атамбаев-Жээнбеков жөнүндө жаш саясатчы Адил Турдукуловдун оюн угуп көрдүк.

— Адил, Атамбаевдин “Кыргыз Эл баатыры” болгону туурабы?

— Албетте туура эмес. Атамбаев “баатырбы” же жокпу, анын мураскери чечпеши керек! Аны эл чечиши керек! Атамбаев “баатыр” экенин убакыт, тарых өзү аныктайт. Муну менен булар Кыргызстандын мамлекеттердин сыйлыктардын баркын таптакыр кетиришти. Атамбаевге чейин сыйлык алгандар жөнүндө сөз кылуунун кереги жок. Анткени алар эл үчүн иштегени үчүн эмес, бийликке иштегени үчүн сыйланышты.

— Атамбаевдин алты жылда кетирген катачылыгы толтура. Эң акыркысын эле мисалга алсак, Мөңгүлөрдү талкалоого кол коюп кетти. Буга оюң кандай?

— Бул маселе боюнча эл көтөрүп чыгып, үн чыгарды. Ошол чыркыраган чыккан элдин үнү бийликтин чечимине дагы деле анча таасир этпей жатканы өкүндүрөт. Атамбаев кол койгончо, Жогорку Кеңеште каралып, алар колдоп бербедиби. Парламент мындай мамилеси, чечими менен элдин кызыкчылыгын коргогон орган эмес экенин тастыктады.

Атамбаев кетип, Жээнбеков келди. Ал өз алдынча иштеп кетээрине ишенесиңби?  

— Сооронбай Жээнбеков элдин ишенимин актайбы же жокпу биринчи 100 күнү көрсөтөт.

— Баары эле Атамбаевди “биринчи жолу тынчтык жолу менен өткөрүп берди” деп Атамбаевди макташты. Негизи тынчтык жолу менен бийликти алгач Отунбаева Атамбаевге өткөрүп бербеди беле. Шагыраган саясатчы эркектер өлкө кыйынчылыкка кептелгенде, жоопкерчиликтен баш тартып койгондо, аны мойнуна алган Отунбаева болбоду беле. Ушундай эмгегин мурунку, кийинки ажолор тааныбай кетти. Бул боюнча сенин оюң кандай?

— Отунбаеваны мен деле президент болду деп тааный албайм, анткени, ал эл тарабынан шайланган эмес. Дегеле, 2010-жылы Убактылуу Өкмөт легитимдүү бийлик болду деп эсептебейм. Алар кабыл алган декреттер дагы жокко чыгарылыш керек. Бирок, “революционер» Атамбаев, «революционер» Отунбаеваны инаугурация аземине чакырып койсо деле болмок.

— А Жээнбековдун шайланганын тааныйсыңбы?

— Жээнбеков кандай шартта болбосун, эл атынан шайланды. Аны Кыргызстан президенти катары ички жана тышкы күчтөр тааныды.

— Президенттик шайлоодо Бабанов экөө катуу кармашкан. Ошентсе да Бабанов шайлоону таанып, президент болушун куттуктады. Бабанов Кыргызстанга кайтып келеби?

— Бабанов кайтып келбейт го, менин баамымда. Себеби, ал коркок экен. Бабанов көбүнчө саясатчы эмес, бизнесмен экенин көрсөттү.

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.