Аида САЛЯНОВА: “Эки аял жана көп аял алуу – бул кылмыш!”

Аида САЛЯНОВА: “Эки аял жана көп аял алуу – бул кылмыш!”

Бүгүн, 28-ноябрда, депутат Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү териштирүү иши Шаардык сотто каралды. Анда үч күбө суралып, алар калыстыгын айтып беришти. Азырынча адилеттүүлүк бар, ушул бойдон кетсе, иш оңго чечилет го деп турабыз. Эмки соттук териштирүү 4-декабрда болот.

Журналисттер жөн турабызбы, таң эртеден бери Чуу жараткан Чубак ажынын жаңы алган аялы тууралуу, тагырагы, көп аял алуу боюнча мыйзамдуу жолун Аида Жеңишбековнадан сурадык.

Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийишибиз керек!” деп насаат айткан Чубак ажы мусулмандарды мыйзам бузууга чакырганы өтө өкүнүчтүү. “Мен биринчи үлгү болуп берейин”,- дептир. Буга азыр көңүл бурбасак, эртең башка мыйзамдар боюнча чакырыктар болбойт деп ким кепилдик берет? Эки жана көп аял алуу бул кылмыш! Мындай ойду колдогондор эч качан абийир тапкан эмес. Жаш муунга жаркын келечек каалаган, мамлекетти өнүгүү жолуна салам деген ниети бар адам буга сөзсүз каршы пикирин билдириши керек!”,-дейт Аида Салянова.

Чуу жараткан Чубак ажы

Эртең менен Чубак ажы Жалилов 30 жаштагы экинчи аялды эмнеге алганын толук түшүндүрүп берген видео тарап, ал кызуу талкууга алынып, чуу жаратты. Колдогондор да, колдобогондор да болууда. Мыйзам жагынан алганда, туура эместиги айтылууда. Ал эми Чубак ажы “туура” деп эсептейт. Бирок, аялы бир аз капа болуп жатканы боюнча да айткан. Демек, үй-бүлөсү каршы. Аялы каршы болсо, анын укугу бузулуп, тебеленип жатат да, бул жагынан алганда, туура эмес!

Чубак ажы Жалиловдун жаңы алган аялы боюнча айткан ВИДЕОсу.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.