Жээнбеков сыйлык берип, кадрларды алмаштырууну токтотуп, кыргыз-казак чек арасын чечиши керек! Учурда 700гө жакын автоунаа тыгында турат!

Жээнбеков сыйлык берип, кадрларды алмаштырууну токтотуп, кыргыз-казак чек арасын чечиши керек! Учурда 700гө жакын автоунаа тыгында турат!

Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде топтолгон автоунаалардын жалпы саны кечээ 600дөн ашса, бүгүн 700гө чукулдап барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы ММК сурагандан улам, маалымат берүүдө. Алардын айтымында, ушу тапта  “Ак Тилекте” 490, ал эми “Чоң Капкада” 172 оор жүк ташуучу автотранспорттун тыгыны турат.

Атамбаев кетирген катаны Жээнбеков тезинен оңдобойбу?

Бул көйгөйлүү маселе, тээ 8-октябрда, экс-президент Атамбаевдин «балп» дегенинен башталган, ал казак бийлигин сындаган. 10-октябрдан тартып Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Атамбаевдин тилинин заарын карапайым калк ушу убакка чейин азабын тартууда. Өзү болсо сыйлык алып, жылуу жерде, Максим Бакиев басып алган жерине салган хан сарайында жыргап отурат. Ал эле эмес, «Эл Баатырлыгын» алып, ошол жердин салыгынан да кутулду. Азыр болсо Атамбаев Индиядагы Гоада эс алууда…

Азыркы бийлик да анын кетирген кемчилигин чечпей, башка иш менен алек болууда. Жээнбеков келээри менен Атамбаевди “Баатыр” кылып, таасирлүү кызматтагы адамдарды кабыл алып, кадрларды алмаштыруу менен алек. Чек араны чечейин деген оюнда да жок. Карапайым эл үмүт менен ушул күндү күткөн да. Элдин үмүтүн актасын да, себеби, буга чейин алар чек ара маселеси боюнча канча жолу кайрылуу жасашкан!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.