20 млрд 267 млн дефицит болгон бюджет кабыл алынды

20 млрд 267 млн дефицит болгон бюджет кабыл алынды

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары 2018-жылдагы республикалык бюджетти жана 2019-2020-жылдарга карата долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Кийинки жылдагы республикалык бюджеттин кирешеси 140 млрд 882 млн сом (Ички дүң продукциянын 26,2 пайыз) көлөмү күтүлүүдө. Ал эми чыгаша 161 млрд 149 млн сом (ИДПнын 30 пайызын) түзөөрү каралды. Ошондо бюджеттин таңкыстыгы 20 млрд 267 млн сом болот. Мурдагы жыл бюджеттерине караганда, бул орточо көрсөткүч. Албетте, жакшы эмес.

Өлкө казынасынын негизги киреше булактары төмөнкүлөр:

  • Коюлган баага кошумча салык (НДС) — 52,2 млрд сом;
  • Бажы төлөмдөрү — 19 млрд сом;
  • гранттар — 14,8 млрд сом;
  • башка салыктар менен кирешелер — 18,7 млрд сом;
  • акциз салыгы — 12,7 млрд сом;
  • тейлөө төлөмдөрдөн түшчү каражаттар- 11,6 млрд сом;
  • кирешеге карай салык — 10,3 млрд сом;
  • Кумтөрдөн түшчү дүң киршеге болгон салык — 5,7 млрд сом;
  • Киреше салыгы — 5,3 млрд сом;
  • Сатууга салынган салык — 4,6 млрд сом;
  • Акциялардын мамлекеттик топтомдорунан түшчү дивиденддер — 3,3 млрд сом.

Бюджетте баарынан көп чыгаша социалдык тармакта болот 82,2 млрд сом, реалдуу тармакка 46,6 млрд сом багытталат, мамтейлөөлөргө – 20 млрд сом кетет.

Күч органдарына чыгымдар да каралган, бирок жашыруун маалымат болгондуктан, Каржы министрлиги анын так эсебин айталбайт.

Жогорку Кеңеште көп сындар айтылды, көптөгөн сунуштар киргизилди. Опузалаганга чейин барымыш болуп, аягында үчүнчү окууда бюджет үчүн катталган 108 депуттардын бардыгы адеттегидей колдоп берди.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.