Атамбаев Масляковго берген “Достук” орденин бүгүн Жээнбеков тапшырып, аны Ысык-Көлгө чакырды

Атамбаев Масляковго берген “Достук” орденин бүгүн Жээнбеков тапшырып, аны Ысык-Көлгө чакырды

Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Москвага учуп кеткен. Ал жактан Эл аралык КВН оюнунун президенти жана алып баруучусу Александр Масляков менен жолугуп, Алмазбек Атамбаев берип кеткен “Достук” орденин тапшырды.  

Жайкы КВН Ысык-Көлдө өтөбү?

Тагырагы, Атамбаев бийликтен кетээрдин алдында элдин баарына сыйлык берип жыргатпады беле. Орденди ыйгаруу тууралуу жарлыкка 22-ноябрда кол койгон болчу. Атамбаев Масляковго ыйгарган сыйлыгын бүгүн Москвага иш сапары менен барган Жээнбеков тапшырды. Жолугушуудагы сүйлөшүүдө Жээнбеков КВНдин жайкы кубогун Ысык-Көлдүн жээгинен өткөрүүнү сунуштады. “Эң жакшы сунуштоо. Мен Ысык-Көлгө барып көрө элекмин” деп президенттин сунушун Масляков сүйүнүү менен кабыл алыптыр.

Жээнбеков биринчи эле кадамында деңгээлин көрсөттү…

Бул сунуш эми президенттин деңгээли эмес болчу. Аны маалымат, маданият жана туризм министрлиги айтуу керек эле. Президент деген президенттик деңгээлде болуу керек! Биринчи эле кадамында Жээнбеков деңгээлин көрсөтүп, чет жакка сырын алдырып койду.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.