Колбаса цехине эшектин этин жеткирген адамдар кармалды

Колбаса цехине эшектин этин жеткирген адамдар кармалды

Укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлашкандай, колбаса цехинде рейд болуп, анын жүрүшүндө 69 килограмм эшектин эти колбаса жасоо үчүн камдалган сапатсыз башка эттерге кошулганы аныкталган.

Бул бизде (бизде деле болбоду беле – авт.) эмес, Ташкентте болгон. Тагырагы, Хорезм облусунан Ташкенттеги «Шаршара» колбаса цехине 69 килограмм эшектин этин жеткирген эки адамга кылмыш иши козголду. Ошондой эле ал этти уйдуку деп каттаган цехтин кызматкерлерине карата дагы тергөө иштери башталды.

Маалыматка караганда, көрүнүшү жана жыты боюнча сапатсыз көрүнгөн эттин үлгүсү алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында, ал “адамдын саламаттыгына коркунучтуу эшектин эти” деген корутунду чыгарылган. Азырынча цехке буга чейин дагы эшектин эти жеткирилген-жеткирилбегендиги белгисиз.

Өзбекстанда бир эшектин баасы 150-200 миң сумду (18-24 АКШ доллары) түзөт. Анын эти уйдун этинен дээрлик төрт эсе арзан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.