Кыргыз кийимдерин дүйнөгө даңазалоо флэшмоб өтөт

Кыргыз кийимдерин дүйнөгө даңазалоо флэшмоб өтөт

Бул тууралуу Асел Сакеева билдирүү таратты. Анын айтымында, «KYRGYZ-2017» флэшмоб 1-декабрда, саат 14:00дѳ “Бишкек парк” соода борборунда башталат. Флэшмобдун максаты: кыргыздын салттуу кийимдерин, музыкасын жана билимдерин кайра жаратуу, түп нускасын кѳрсѳтүү, сактап калуу жана дүйнѳ элине даңазалоо. “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата, “Кийиз Дүйнө ” коомдук фонду, “Устат Шакирт” борбору, “Шамдагайлар” тобу, “Макал Арт” студиясы “Бишкек парк” соода борборунун колдоосу менен “KYRGYZ-2017” флэшмобун биргеликте уюштурууда.

Флэшмобго 1-декабрда, саат 2ге “Бишкек парк” соода борборуна барып, баарын өз көзүңүздөр менен көрүңүздөр!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.