Түрмөдөн качкан төртөөнүн үчүнчүсү кармалды

Түрмөдөн качкан төртөөнүн үчүнчүсү кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, кечээ, 28-ноябрда, саат 21:00 чамасында Бишкектин Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев кармалган. Эми төртүнчүсү калды, ал — 28 жаштагы Кайрат Жанботоев.

Эскерте кетсек

27-ноябрда, Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт киши качып чыккан. Аларды кармоо боюнча Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялап, кечээ 40 жаштагы Рамил Базаркулов менен Бакыт Дилдешовду кармашкан. Булардын баарына Кылмыш кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылган.

Буга байланыштуу кечээ эки милиция камалган

Түрмөдөн төрт кишинин качып кетишине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 316-беренелердин негизинде (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Шалаакылык”) Сокулук райондук прокуратурасы кечээ кылмыш ишин козгоп, эки милиция кызматкери убактылуу тергөө жайына камалган.

Сокулук РИИБнин башчысы жана орун басарлары дайындалды

Бүгүн, 29-ноябрда, ИИМ министринин буйругу менен Сокулук РИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу кызматына 37 жаштагы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев жана анын орун басарлары болуп:  милициянын подполковниктери Амантур уулу Марлис менен Кеңешбек уулу Олжобек дайындалды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.